Menu

Чимкириктин уюткусу Алмас Атамбаев

Бөлүшүү:

Адамзаттын башын айландырган шизофреник эфрейтор Адольф Гитлер да 1941-жылы 22-июнда экинчи дүйнөлүк согушту так эле Алмас Атамбаев сыяктуу өтө жогорку дымак менен баштап, аягында шерменде болуп, өзүнө-өзү курал колдонуу менен бүткөнүн тарых барактары тастыктап келет. Атамбаев Алмас да 22-июнда:“мен эч кимден коркпойм, тапанчам, винтовкам бар, өзүмдү өзүм коргоп көнүп калганмын…” – деп кимден эмнеге коргонуп жатканын айтпай, эл алдында бир опурулуп алды. Кече өзү Кыргыз Республикасын 6 жыл президент болуп башкарган адамдын сөзү ушул болду каран күн. Бул деген бери дегенде акылсыздык. Бу сен Алмас акылыңан эми айныдыңбы же башынан эле ушундай абийирсиз белең? Сага бийликти алып берүү үчүн 2010-жылы каны төгүлгөн 90 баланын убалын ойлойсуңбу? Эми дагы карапайым элдин башын айландырып, бирөөнүн чырактай балдарын согушка үндөгөнүңө жол болсун!

Мейли, эл сени коргоо үчүн өзү келиптир дейли. А сен аларга түшүндүрүп, рахмат айтып таратсаң болот беле? Сен деген кечээ президент болгон адамсың да! Эй көр пенде, сенин ордуңда Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев, Аскар Акаев же Курманбек Бакиев болгондо карапайым элге түшүндүрүп айтып, үйлөрүнө таратып, өзү суракка келмек. Сеникиндей сайпана кадамга алардын эч кимиси бармак эмес. Эгерде сен таза болсоң, анда эмнеге соттордон коркуп жатасың?! Сен президент кезде тандап, өз буйругуң менен дайындалган соттор териштирет эле го! Же сенден башканын тагдырын каалагандай калчаган соттор, сени да садагага чаап жиберет деп коркуп жатасыңбы?!

Жонуп-жонуп жолду жегениң, кен байлыгы менен тоону жегениң, музейден ташты калтырбай, өз кызыкчылыгың үчүн түштүктө согуш чыгарып жүздөгөн башты жегениңди эл билбейби?! Бир кезде айтчу элең го: “сот чечет, адилеттүү соттун чечимин күтөлү, мен соттун чечимине кийлигише албайм. Баары мыйзам алдында бирдей…” – деп. Экс-президент катары мыйзамды сыйла да. Сотко барып, үлгү көрсөтпөйсүңбү карапайым элге, калган мамлекеттик жетекчилерге. Таза болсоң акталып чыгат элең, Кыргыз элин, мамлекетти чет өлкөлөргө карызга батырып миллиарддаган АКШ долларларын жегениң анык болсо, анда аларды мамлекетке кайтарып төгүп берип, элден кечирим сура!

“Мен эчкимден коркпойм…”- деп опуруласың. Анда эмнеге ийиниңе кирип кеттиң?! Тамга көчүгүн такап алып үргөн иттин кейпин бат эле кийип калдың го! Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду, Дүйшөн Чотоновду, Нариман Түлеевди, Бекболот Талгарбековду, Карганбек Самаковду, Урмат Аманбаеваны, Аида Салянованы дагы мына ушулар сыяктуу ондогон адамдарды саясий өңүттө соттотконуңда баары мыйзамдуу эмес беле? Эми сен
жооп берчүү мезгилге келгенде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары чимкирик, соттору адилетсиз болуп калдыбы?! Ушул системаны сен өзүң түптөгөнүң эсиңен чыга элекпи?!

Айбандыктын да чеги болот! Элди азгырып, бей-бечара жарандардын улан-кыздарынын колу менен кайрадан чок кармагың келип турат. Түшүнгөндөр сенин нагыз акмак экениңе эми ишенип, эми биротоло түңүлүп, жерге түкүрүп жатат. Бул эмне деген маскарапоздук?! Элдин артына жашынып, карапайым адамдардан тирүү калкан жасап, куйругуңду кыпчып, корооңон башыңды чыгарбай “үрүп” коюп отурасың. Сага 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90 баланын каны аздык кылып жатабы? Сен Кыргыз Элинин шоруна жаралган айбан экенсиң! Сенин алдагы таштанды толгон шордуу башың кыргыз жарандарынын бир тамчы канына арзыбайт! “Акча тапкыча акыл тап” – деген. Сенин алдагы чириген алмадай болгон акылсыз башыңды, ошол өзүңдүн адам канына чыланган арам акчаларың жутуп тынат акыры!

Тапанчаң менен винтовкаңды даярдап тур, аз күндө өзүңө керек болот! Кече эле: “бүтүндөй Кыргызстан меники, мени жалпы эл колдойт” – деп жатпадың беле. Эми ийинге кире качкан түлкүдөй болуп, ыркыйып, аянычтуу абалда отурасың. Сенин кылган арам иштериң “сүткө түшкөн коңуздай болуп” калкып чыга баштады. Кан коё бербейт деген ушул! Сенин колуң канга чыланган. Сенин мойнуңда “7-апрель кандуу төңкөрүшүндөгү” 86 азаматтын, “Ош окуясындагы” миңдеген бейкүнөө Кыргыз жарандарынын, “Дача-СУдагы” авиа кырсыктан каза тапкан 40 адамдын каны турат! Мына ушулардын баарына сен керт башың менен жооп берчү күн келди! Шизофренияң кармап калып, куралыңды өзүңө-өзүң колдонуп албасаң эле, сөзсүз жооп бересиң! Сендей кара ниет эл бузарды адашып колдоп жүргөн карапайым элге, азыноолак акчага азгырылып ээрчип жүргөн көр пенделерге боорум ооруйт! “Бетеге кетип бел каларын, бектер кетип эл каларын” улуу Кыргыз Эли абдан жакшы билет. Колу канга чыланган көрпендени колдогондор терең жаңылышат! Өзү айткан ЧИМКИРИКТИН уюткусу ушул Алмас Атамбаев экенин эсиңиздерден чыгарбаңыздар!!!

Коомчулукта “эки достун бийлик талашуудагы тиреши” – деген пикир айтылып жатат. Сооронбай Жээнбеков Алмас досун сатып кетти деген сөздөр жүрөт. Жок, Сооронбай Жээнбеков Кыргыз элин тандады. Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн дос экенине карабай Алмас Атамбаевдин коррупцияга кекиртегинен баткан командасына каршы чыкты! Алмас Атамбаевди тандаса, анда Кыргыз Элине кыянаттык кылган болор эле! Бул тирешүү эки достун тирешүүсү эмес, бийлик талашуу да эмес! Бул чирип бараткан Алмас Атамбаевдин коррупцияга баткан системасы менен болгон аёсуз күрөш болуп жатат. Кыргызстандын келечегине кайдигер карабаган ар бир жаран Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду колдоого тийиш!!!

Советбек Баймат уулу

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: