Menu

Батукаевди АША, эми АШАны Батукаев чыгарабы?

Бөлүшүү:

АШАнын айланасындагы туздуу, тузу кем окуяларга сереп салган адам бир нерсени дароо аңдайт. Чимкирик АША чимкирик парламент деп атаган ЖК кудайдын кечээки эрке баласынын көзүн уруп ойнобой, “айт, два” деген бою, 100 баатыры капут” деп ийишти. АША чалкасынан кетип, ошо саам капчыгында жаткан бакстарын ары-бери чачып, чакырчуларын чакырып Кой-Таштагы үңкүр-сарайында контрсокку операциясын өткөрүүгө үлгүрдү. Оюна келгенди оттоду, көрсөтөм деди, өлтүрөм жеди, кашык каным калганча атышып өлөм деди… Дагы көп нерселерди деп эле койбостон былжырады.. Балптар.. калптар… жанагы үңкүрүнө толуп батпай кеткенде, ал жарылып да кетти.

Ошол эле мезгилде АШАнын медиа-талаасынын пулкулдуу “азаматтары” тынбай, токтоп калбасатан иштеп жатышты. Утур токулган жаңы жомок ыргытылып, сөөк-мөөгү менен кошо жутулуп, ыргыта беришип, кала берсе котур таштарын да таппай калышты. Анан котур таш издеп кетишти…Ош базаргабы… айтор кетишти. Ошол эле учурда Жылдызкан Жолдошева, Адахан Мадумарюв , Азимбек Бекназаров жана башка “деловойлор” парламенттин беймыйзам ишинен улам, АШАдан кол тийбестик таптакыр туура эмес алынып жатат, парламент кадимки чимкирик экенин айтпадыбы, демек, алардын жасаган иши беймыйзамдык…деп жанын сабап атышты. Токтогула, бир азга эс алгыла десе да болушпайт. Утуру эле кыйкырышат. Эл деле тажап кетти сыягы, бириң өлүп бириң кал деп басып кетсе деле, тигилер сүйлөп жатат. Кимге экенин ит деле билбей башы маң… Ал эми АШАнын чет жакадагы муруттары да жамбаштап жатып алып, кымыз ичпестен, “ АШАдан 1001 түн жомогун токуп келишет. Мейли, пулуң болсо кулуңмун дегенди али эч ким жокко чыгара элек. Чыгарбайт да болуш керек жакынкы аралыкта”. Бирок бир ачуу чындыкты моюнга алууга туура келет да кааласаң-каалабасаң…

2013-жылы ууру Батукаев Нарындан “салам кат” жазып, мени илибой жол менен бошотуп алгыла,, “бовосо” бердеги кримтуугандарым түбүмө жетет деп жаза берип, түн уйкусу кетип, кандай гана аракеттерди жасап, акыры килемди тепсеп туруп, учакта “пыр” койгондугу бар. Президент да, баш прокурор да, Жогорку сот да, ГСИН да, парламент да жүгүнүп турган. Батукаев чынында кыйын экен. Нарынга анын ысмын койсо болчудай эле “эрдик” жасады. Бирок аны ким , не үчүн ишке ашыргандыгы эми гана суунун үстү калкып чыгып жатат. Көрсө Батукаевди башка бирөө эмей эле кадимки президент АША чыгарган турбайбы.

Экинчи бир мисал. 2019-жыл. Кой-Таштан салам кат жазган АШАнын кейпи Батукаевден кем эмес. Ал да арк андай айла-амал кылып, түрмөнүн ордуна кайсыл бир жакка сызып ийүүнүн үстүндө. Ойуна келгендин баарын жасап жатат. Пулу көп болгон соң, айла качып кутулабы.. Табылар. Эми ишке ууру Батукаев арайт окшоп калды. Жакшылыкка жакшылык деп ал да жанын үрөп иштеп жатыптыр. Ким билсин, балким АША Батукаевге ракматын айтып калар…

Ошо сымал “бирде жөө жүрсөң, бирде төө минесиң” деп жөн эле айтышпаган окшойт. Эки уурунун жолдору кесилишип, балким Индиядагы Гоа аралындагы беш жылдыздуу мейманканасынан 15 граммдык рюмкасынан кызылынан согуп калышар. Айтып болобу? Бир ууру кызыл килемди тепсеп, мазе кылып учуп кетсе, экинчи күчтүү ууру түрмөгө тыгылып, арманда калып калмак беле. Чындык кайда. Муну Мадумаров, Жолдошева, Бекназаров жана башкалар бир ооздон айтышып, кыргыздын кулагына кесме илип жатышат. Азаматтар, деп коюп дагы бир тарап АШАнын кол тийбестигин мына-мына алып салауунун үстүндө. Кимисинен кимиси кыйын…Аны эки-үч күндүн ичинде билип калчудайбыз. Күтө туралы.

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: