Menu

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Кипрдин Кыргызстандагы жана Россиядагы элчиси менен жолукту

Бөлүшүү:

2019-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов Кипр Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Кыргыз Республикасында айкалыштырып иштеген жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Зиноносом менен кипр тарабынын демилгеси боюнча жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кыргыз-кипр мамилелери тууралуу пикир алмашуулар болду. Эки тарап тең Кыргызстан менен Кипрдин ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүп жана бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Географиялык жактан алыстыгына карабастан, кыргыз-кипр мамилелери экономикалык, билим берүүчү жана туристтик тармактарда чоң потенциалга ээ экендигин белгиленди.

Мындан сырткары, А.Жекшенкулов эл аралык уюмдардын алкагында, анын ичинде БУУ жана анын органдары менен эки өлкөнүн өз ара мамилелерин кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 2019-2023-жылдарга карата ЮНЕСКОнун Аткаруу комитетине жана 2027-2028-жылдарга карата БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин көрсөтүү тууралуу тийиштүү
Нотаны колдоо өтүнүчү менен тапшырды.

Кипр дипломатиялык өкүлчүлүктүн Башчысы А.Зинонос саясат, экономика, билим берүү жана туризм тармактары боюнча эки өлкөнүн мындан ары тыгыз кызматташуусу үчүн максималдуу аракеттерди көрө тургандыгын ишендирди. Өз ара кызыкчылыкты пайда туудурган маселелер боюнча кыргыз-кипр байланыштарын кеңейтүүгө ара тараптан колдоого даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: