Menu

Ата мекендик ЖОЖдордо гранттык негизде билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү жана адистиктердин тизмеси бекитилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-2020 окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу жана адистиктердин тизмесин бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан   2019-2020-окуу жылына 5705 мамлекеттик билим берүү гранттары, анын 4903 гранттык орун жогорку окуу жайларына бөлүндү. Калган гранттык орундар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ведомстволук окуу жайларына бөлүндү.

Гранттык орундарды бөлүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлерине керектүү экономика тармагы эске алынып, ЖОЖдор менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдин санына, өзгөчө ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу анализине жана чектелген студенттердин контингентине карап билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» Жарлыгына ылайык IT-адистер үчүн суроо-талап өсүп жатат. Буга байланыштуу компьютердик технологиялар тармагындагы кесиптерге гранттык негизде окутуунун саны көбөйдү.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, түзүүчүлүк” Программасындагы адистиктерге даярдоо, окутуу эске алынып гранттык орундар бөлүнүп берилүүдө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилип, анда 2040-жылга чейин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу (тоо-кен, мунайды кайра иштетүү, жеңил өнөр жайы, тамак-аш, өндүрүштүк), айыл чарба, энергетика, туризм багыттары белгиленген.

Ошондой эле жалпы гранттык орундардын 316сын магистрдик тармакка бөлүү сунушталды. Дагы 405 гранттык орун чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга, I жана II топтгу мүмкүнчүлүгүнөн чектелген жарандарга, жетим балдарга жана ошондой эле иштеп жаткан өкмөттөр аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга каралды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: