Бүгүн, 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдалла Ахмад Аль Сулайти мырзаны кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-катар кызматташтыгынын маселелерин жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча анын өнүгүү келечегин талкуулашты.
Атап айтканда, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүү маселелери козголду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ