Menu

Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»

Бөлүшүү:

Баарыбыз байкагандай учурда элге кадыры сиңген адамдардын акыл насааты зарыл болуп турат. Элдин байлыгын калпып жегендер мыйзамга баш ийбейбиз деп чакчаңдап турган чакта калк каймактары нускалуу кебин айтпаса ачкөздүн акчасына азгырылган айрым азаматтар ордолуу журтту чайпалтышы мүмкун. Албетте, уучубуз куру эмес экен, коомдун түйшүгүн жүрөгү менен сезген Саламат Садыкова айым төмөндөгүдөй пикирин бил дириптир…

—Падышалар да жалгыз экен. Муну турмуш өзү далилдеп көрсөтүп жатат, акыйкаттын жолунда, ак менен каранын ортосунда чайналышат тура. Башчыга баш ийбеген, баш аламандыкты кесипке айландырган, кекенип кекээрленип жүрүп, өзүн өзү баатыр сезгендер, артыңардан акылы тунук, үмүтү бийик, тилеги көлдөй тунук, табышкер жаштарыбыз өсүп жетилди! Саймедиреп көп сүйлөгөнуңөр эле болбосо, мен лидермин дегениңер менен көрүнүп калды, кара башыңарга мансап көксөгөнүңөр, эмгексиз байлык жыйганга гана акылыңар жетээри, «вазир жакшы хан жакшы» деген сөздүн куну кайда, «экс» болосуңарбы, «чекис» болосуңарбы, хандын айланасында бир жарытылуу улуттун башын бириктирүүгө акыл калчаган эч ким жок калганы өкүндүрөт. Ажылдап кекетип, элдин башын айландырган куру чечендер өзүңөр уялбасаңар, силерден коом чарчады. Аркы өйүзүндө да, берки өйүзүндө да койондой окшош сагызгандар сайрашканы эле болбосо, эл бузар, журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга да рахмат. Бул арамзалыктан, кара баштарынан алысты көргүсү келбеген куйтулардан өлкөбүзгө оомат келээри жакын арада бүдөмүк болуп, асманыбыз мунарыктап, качанкыга каранайым элдин сабырын сынай берер экенсиң оо Жараткан! «Калдайган кара жер өлбөйт, аскасы бийик зоо олбойт, агыны  катуу суу өлбөйт» деген тура олуя Калыгул бабам. Демек ынтымак менен ырыскыдан, жерибизди кутка бөлөп, кеткениңер келген башчыга өмүр тилеп АДАМ деген атты ыйык тутса болбойбу?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: