Menu

Фото – Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Москвадагы кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын лидерлери, активисттери менен жолукту

Бөлүшүү:

5-июлунда Москва Улуттар үйүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Жекшенкуловдун мекендештер, жана Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын лидер, активисттери менен жолугушуусу болду.

Иш-чарага 100дөн ашуун кыргыз диаспорасынын жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенция, дарыгер, студенттер, жеке ишкерлер, ошондой эле ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

Элчи А.Жекшенкулов жолугушуунун катышуучуларына бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча кыргыз-россиялык кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча милдеттерди ишке ашыруу боюнча Элчилик тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди жана кыргыз диаспорасы менен тыгыз иш алып баруунун, панын ичинде маданий-гуманитардык, ошондой эле КРнын жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди уюштуруу багытында алдыдагы пландар тууралуу белгилеп өттү.

Ошондой эле Элчи Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөгө карата Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында Ржев шаарын коргоодо курман болгон кыргызстандык аскерлерге эстелик мемориалын тургузуу тууралуу кыргыз тарабынын пландары тууралуу маалымдады.

Жолугушууда кеңири отчеттук маалыматы менен Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн башчысы Э.Насиров, ошондой эле КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Т.Кожобаев, КРнын ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Р.Салимов өз компетенцияларынын алкагында жасалган иштер тууралуу айтып беришти.

Мындан сырткары, жолугушуунун катышуучуларына КРнын РФдагы Элчисинин жаңы блогу www.elchi.ru  маалыматтык сайтынын бет ачаары тартууланды. Аталган сайттан мекендештер өздөрүнө керектүү актуалдуу маалымат жана документтерди тариздөө, сапаттуу консулдук укуктук кеңештерди алууга болот.

Өз кезегинде аксакалдар, кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле жаштар арасында активисттер Элчилик тарабынан жасалып жаткан активдүү иштер тууралуу жакшы пикирин билдиришип, керектүү сунуштарын айтышты. Элчи жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы жана КРнын ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү тарабынан бардык кызыктыруучу суроолорго жооп алышты.

Жолугушуунун аягында КРсы менен РФнын ортосунда достук мамилелерди бекемдөөгө салым кошушкан, маданий-гуманитардык, спорттук иш-чараларды өнүктүрүү иштерине активдүү катышкан Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттеринин эмгеги бааланып, КРнын РФдагы Элчилигинин атынан ыраазычылык каттарын тапшыруу аземи өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: