АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондогу британ элчиси Ким Дарроктун ачыкка чыгып кеткен дипломатиялык телеграммалары тууралуу пикирин билдирди.
Жекшемби күнү The Daily Mail британ басылмасы элчи 2017-2019-жылдары Лондонго жөнөткөн телеграммаларын жарыялаган. Анда Ким Даррок Трампты «колунан иш келбеген» жана «тажрыйбасыз» жетекчи деп атаган. Ал Ак үйдүн аппаратындагы жаңжалдарды «бычакташууга» теңеп, «Трамптын саясий карьерасы кадырсыз аякташы мүмкүндүгүн» эскерткен.
Жооп катары Трамп ал телеграммаларды көрбөгөнүн белгиледи. «Эл аралык саясаттагы пикир келишпестиктер — кадыресе эле көрүнүш. Бирок кандай болгондо да британ элчиси өз өлкөсүнө абийир алып келген жок. Биз да аны анча жакшы көрбөйбүз. Мен дагы ал жөнүндө көптөгөн кызыктарды айтып бермекмин, бирок айтпайм», — деди Трамп.
Элчи Даррок Брекзитти активдүү колдогон консерваторлорго жакын адамдардан эмес. CNN элчинин телеграммаларынын жарыяланышынын артында анын ордуна өз кишисин дайындагысы келген брекзиттин жактоочулары турушу мүмкүн деп божомолдоодо.г
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ