Menu

«Коопсуз шаардан» түшкөн айып пулдун бир бөлүгү Тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Аппаратынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү долбоордун алкагында жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузган үчүн өндүрүлгөн айып пулдун бир бөлүгү Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Документке ылайык, аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына акчаларды бөлүштүрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50% Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык тез жардам машинелерин алууга, жаңыстанцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алсак, шашылыш жардам машинелерине болгон муктаждыктын саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу шашылыш медициналык жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: