Бүгүн, 9-июлда Кой-Таштагы үйүнүн короосундагы тарапкерлерине чыккан Алмаз Атамбаев журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.
“Эгер милиция мени суракка мажбурлап алып кетүүгө келе турган болсо, мен баарына даярмын. Бирок мен милицияны үйгө киргизбейм. Мен аларды үйгө киргизүүгө милдеттүү эмесмин. Мен үйүмө өзүмдүн жакындарымды гана киргизем”, – деди Алмаз Атамбаев.
“Исхак Масалиев мен президент болуп турганда жай айларында менин үйүмө тынбай балык ташычу. Муну айтпай эле койсом болмок, анткени ал атасынын урмат-сыйына доо кетирип жатат. Уят кылып жатат. Мындай карап турсаң биздин өлкөдө канчалаган моралдык бузукулар жүрүшөт. Кудайга койдум. Бирок биздин эл башкача эл. Биздин элди коркута да, алдай да албайсың! Мени 24 жыл алдаса болот, бирок биздин элди алдай алышпайт. 12 ай баарын алдап келишти, эми баары түшүнүп, тескери кетишти. Коррупция боюнча булардын күрөшүнө ким ишенет?”- деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ