Menu

Илимдер Академиясында илимпоздорду келе жаткан Жаны жыл менен куттукташты

Бөлүшүү:

 Бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиуму академиктерди, корреспондент-мүчөлөрдү, президиумдун мүчөлөрүн, илим-изилдөө институттарынын директорлорун жана академиянын жалпы жамаатын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев жогорку илимий мекеменин кызматкерлерин куттуктап жатып: “Өтүп бара жаткан жылды эскерүү жана келе жаткан жаңы жылга карата ой-максаттарыбызды, каалоолорубузду айтуу максатында чогулуп отурабыз. “Кыргыз Республикасынын илимий чөйрөсүн реформалоо жөнүндөгү” Өкмөттүн токтомунун негизинде ишке ашырылган, академиянын жетекчилигинде болгон өзгөрүүлөргө өзүңүздөр күбөсүздөр. Бизди кубантканы – окумуштуулардын, жалпы эле кызматкерлердин басымдуу бөлүгү болуп жаткан өзгөрүүлөрдү колдогону. Алдыда мекеменин структурасын, каржылоо системасын өзгөртүү, академиянын илим чөйрөсүндөгү ордун бекемдеп, “илимий кызматкер” деген кесиптин маанисин керектүү деңгээлге көтөрүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушундагы ордун аныктоо, бийлик конструктивдүү иштешүү, жалпы элге илимдин жетишкендиктерин жайылтуу маселелери турат. КР Премьер-министри Сапар Исаков да Өкмөттүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасын ишке ашырууда биздин окумуштуулардан жардам күтөөрүн белгиледи. Андыктан, жогоруда айтылган маселелерди иш жүзүнө ашыруу менен 2018-жыл академия үчүн ийгиликтүү, өзгөчө бурулуштарга бай жыл болот деп ишенебиз” – деди.

Сыйга келген окумуштуулар уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, илимдер академиясынын эмки жылга койгон максаттарын ийгиликтер коштоосун каалап кетти.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: