Menu

Токтогул Какчекеев, саясий серепчи: “Бүгүнкү кырдаалдын түзүлүшү байлыкка умтулган ачкөздүктөн болуп жатат”

Бөлүшүү:

-Мурдагы президенттик аппараттын Сот, укуктук, мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев экс-биринчи айым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмөсүн берди. Анын бул кадамы бүгүнкү саясий кырдаалга кандай таасир берет? Кырдаалды ого бетер күчөтүп жибербейби? Мурдагы президенттин жубайынын сот чечимине кийлигишкени эмнени билдирет?

-Менин оюмча, алакандай кыргыз үчүн тирешүү туура эмес. Бул нерсени мен мурда да айтып келгем, азыр да айтам. Бизде “жебеген жердин алдында” деген накыл кеп бар. Кыргызстанда жебеген ким бар. Айыл өкмөтүнөн тартып президентке чейин жеп эле келе жатышат. Жерди да, кенди да сатып эле келе жатышат. Элибиз ушундай момун, жоош эл экен. Сыртынан тон бычып, жакшы адам экен деп кала берет экенбиз. Жетекчилерибиз элдин момундугунан пайдаланып, арзыбаган нерсеге добуштарды сатып алып, кайра элди мүшкүл ишке салып жаткандыгын көрүп жатабыз. Биздин элдин эң бир кемчилиги түндүк- түштүккө, уруу-урууга бөлүнгөндүгү. Бул саясатчылыкка да, улутчулдукка да, кыргызчылыкка да жатпайт. Элибиз “бөлүнгөндү бөрү жейт”,- деп бекер айткан эмес. Буга чейинки биздин ханайымдар буга чейин мамлекеттик иштерге кийлигишкен жок беле? Кийлигишип эле келишкен. Р.Атамбаева эми эле чыга калган жери жок. Биздин кыргыз элинде бардык нерсени баары бир аял башкарат. Каалайбызбы, каалабайбызбы бул чындык. Чычалабай эле коёлу. Бирок “аял жакшы эр жакшы”, – деп айтылат. Аялың жакшы чыкса жакшы, жаман чыкса шоруң катты. Биздин хан айымдар жаман эмес, кептин баары президенттерибизде. Ошондуктан бүгүнкү кырдаалдын түзүлүшү эпсиздиктен, алакөөдөндүктөн жана өмүрдүн кыска экенин түшүнбөй, байлыкка умтулган ачкөздүктөн болуп жатат. Бул учур да өтөт. Эртеңки күндү да ойлош керек да. Мына эми минтип эл мурунку ажо менен азыркы ажого “болельщик” болуп отурат. Түшүнгөн адамга бул өтө уят иш. Биринин канын бири ичкиси келип отурат.

Тажикстанда 8 жыл жарандык согуш болгон, ал деле ушул сыяктуу нерседен тутанып кеткен. Анын бардыгын көрүп отуруп элди бөлөм, башкарам деген адамдардын экс-президенттик укугу алынып салынып отурат. Бир катар кине менен айып тагышууда.

Эл болсо күнөөлүү болгон күндө да куугунтук деп сыпатташууда. Ар бир жасалган иш Конституциянын негизинде гана болушу керек. Бирок, тилекке каршы андай болбой жатат. Бир жагынан тынчыта албай жатса, экинчи жагынан козутуп жатышат. Бийлик өтө кылдаттык менен, адамдык абройго тийип албай, мыйзам чегинде маселеден чыгып кетиши керек. Жакшыдыр, жамандыр ошол кишинин партиясы менен бийликке келген. 24 жыл бою дос болуп катар жүрүшкөн, кыя-кыя чучук кесип жеп келип, бир күндө өзгөрүлүп кеткен болбойт да.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: