Menu

Арыста депо кампасынан өрт чыкты

Бөлүшүү:

11-июлда Түркстан облусунун Арыс шаарындагы ремонт-эксплуатациялык депосунун кампасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Өрт өчүрүлдү. Ага ондон ашуун техника менен 55 өрт өчүрүүчү, өрткө каршы поезд менен Арыс станциясынын кызматкерлери тартылды. Өрт 2040 чарчы метр аймакты курчаган. Өзгөчө кырдаалар комитетинин өкүлү Нурсултан Нурахметовдун билдиришинче, тилсиз жоого курулуш жумуштары учурунда өрт коопсуздугу сакталбаганы себеп болгон. Өрттөн жабыр тарткандар жок.

Арыстагы 24-июндагы жарылууда үч адам ажал таап, ондогон жаран жарадар болгон. Шаардагы турак жайдын 85% жакыны жабыркаган.

Расмий маалыматтар боюнча шаарды калыбына келтирүүгө 52 миллион доллар керектелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: