Бүгүн, 9-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 322 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 83, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 104, Ош облусунан – 25, Талас облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 41, Жалал-Абад облусунан – 26, Баткен облусунан – 18, Нарын облусунан – 12 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 76 012 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 494 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 68 367ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 137, Ош шаарынан – 25, Чүй облусунан – 116, Ош облусунан – 27, Ысык-Көл облусунан – 55, Жалал-Абад облусунан – 51, Баткен облусунан – 60, Нарын облусунан – 10, Талас облусунан – 13.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 2 адам: Бишкек шаарынан – 1, Ош облусунан – 1 каза тапты. Жалпы саны 1303кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ