Menu

Эмилбек Каптагаев: “Атамбаевдин жаңы элита түзөм дегени күлкүңдү келтирет”

Бөлүшүү:

—Күлкүң келет. Атамбаев бүгүнкү күндө кантип кадрларды жаңылоо жана жаштардын саясатка келүүсү боюнча ооз ачып жатат? Ал өзү 2012-жылдан бери ошол жумуш менен алек болбоду беле! «Кыйын» технологдорду жалдап, «кыйын» долбоор катары «элиталарды» алмаштырып, ага далай акча коротуп, анан да жаш лидерлерди тандабады беле! Акыр аягында парламентте «жаңы элита» түзүлдү. Ар бир партия мүчөсүн жеке өзү текшерип, пайдасы тие тургандарды калтырып, калганын пайдалууларга алмаштырган. Кийин Өкмөттү да дал ошол «жаңы элитадан» түзбөдү беле. Жыйынтыгында эмне болду? Анын «Элитаны жаңылоо» ниети «элитаны жөн гана алмаштыруу» болуп калды. Ошондуктан Атамбаевдин жаңы элитасы «нукура чимкирик» болуп калды. Муну Атамбаев өзү айтып жатат. Эми барыңар көрүп тургандай, ал дагы «жаңы элита» даярдагысы келип жатат. Андан көрө Атамбаев үй-бүлөсү менен чогулуп, тергөөчүнүн суроолоруна кантип жооп берем деп ойлонсо жакшы болмок. Ага каршы көптөгөн негиздүү фактылар тууралуу сөз болууда. Булар унутула турган же катып кое турган жөн фактылар эмес.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: