Баткен областы боюнча УКМКБнын жана «Баткен» бажысынын кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында 2018-жылдын 29-сентябрында болжол менен 11:30 чамасында, Баткен облатынын аймагында кыргыз-таджик мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн жүк ташуучу автоунаа токтотулуп текшерүүгө алынган, жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Бразиляда жана Таджикистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 20 тонна тооктун бир канча түрлүү эттери табылган. Мыйзамсыз ташылып келинген товардын орточо болжолдуу баасы 4 800 000 сомду түзөт.
Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ