Menu

Тапанчасы бар Тарыхчиев тогуз жылга соттолду

Бөлүшүү:

Эмилбек Тарыхчиев деген зөөкүрчалыш эргул 2015-жылдын ноябрь айында кол алдында иштеген бөлүм башчысы Таалайбек Исаевди травматикалык тапанча менен төрт жолу атканы боюнча чуулгандуу кабар узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чейин тарап, каргашалуу ок жабырлануучунун башын жарып, кулагы менен колун айрып кеткени айтылган. Көп өтпөй Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесине ылайык иш козголуп, Тарыхчиев темир тордун артына киргизилип, окуяга тиешеси бар эки кизматкер жумуштан бошотулган. Анан эле баягы акчага оролгон бармак басты көз кысты оюну башталып, катаал жаза жумшартылып, райондук жана облустук соттун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери, 105-беренеге, т.а. «Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү» беренесине алмаштырылып, үч жылга эркинен ажыратымыш болгон. Көп өтпөй президенттин жарлыгы менен мунапыс аркылуу жазадан бошотулуп, 2017-жылдын август айында Мамлекеттик кадр кызматынын сынагынын негизинде таржымалы көп Тарыхчиев Базар-Коргон айыл өкмөтунүн башчысынын орун басары болуп дайындалган. «Тоюс», түрмөдөн башы чыгып-чыкпай жатып бийликтин бийик сересине карай теке секирик жасаган. Андан кийин район акиминин буйругу менен Тарыхчиев айыл өкмөттүн башчылыгына келип, тымпыйган бойдон элди башкарган. Албетте, бул фактыны экс-президент А.Атамбаевдин тушундагы ашмалтайы чыккан саясаттын, карга карганын көзүн чукубайт деген принциптин бир көрүнүшү десек болот. Анткени, Эмил Тарыхчиев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын аймактагы штаб жетекчиси болуп иштеп берген.

Сүйүнгөнүбүз, Сооронбай Жээнбековдун келиши менен адилетсиздикке камчы чабылып, заман түптамыры менен өзгөрдү. Дегенибиз, Тарыхчиевдин огунан жарадар болгон жабырлануучу Таалайбек Исаев былтыр 15-августта президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында эл менен жолугушкан да арыз-муңун айтып: «Урматтуу Сооронбай Шарипович, өзүңүзгө маалым болгондой, 2015-жылдын 13-ноябрында Мамкаттоонун Базар-Коргон райондук бөлүмүн үн жетекчиси Эмилбек Тарыхчиев иш бөлмөсүндө мени травматикалык тапанча менен төрт жолу башка аткан. Мага кол салган адам азыр Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу катары залда отурат. Биздин жазбаган, барбаган жерибиз калган жок. Акырында акыйкаттык издеп сизден жардам сурап келдик. Ок менен кол алдындагы кызматкерин аткан жетекчи кайрадан кызматка келгени уят. 30 миңден ашык калкы бар чоң айыл өкмөттү криминалга башкартып отурган жетекчилерге да уят» деген. Исаевдин катын өлкө башчысы Коопсуздук кеңешине тапшырып, соттогу мурдагы иштерин карап чыккандан кийин алар укуктук баа берүү үчүн прокуратурага жиберген болчу. 27-июнда адилетсиздикке чекит коюлуп, айыпкер жазасын алды. Тактап айтсак, Базар-Коргон райондук соту Эмилбек Тарыхчиевди тогуз жыл, алты айга кести.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: