Menu

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Москвада “Атамбаев маселеси” талкууланат”

Бөлүшүү:

– Равшан мырза, президент Сооронбай Жээнбековдун Москвага күтүлбөгөн жерден чакырылышын ар ким ар кандай түкшүмөлдөп жатышат. Жээнбеков Атамбаев маселесин Путин менен чечишкени кетти десек болобу?

– Мен антип айта албайм. Бирок президент Москвага кезексиз жолугушууга жөн эле бараткан жок. Кезексиз болгондон кийин Кыргызстандагы саясий абал талкууланат деп ойлойм. Анткени саясий абалды курчутуп оор абалга алып келип койгон мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосундагы мамиле болуп эсептелет. Ошон үчүн азыркы эң актуалдуу, талкууланчу маселелердин бири «Атамбаев маселеси». Дагы башка 1-2 темалар бар деп ойлойм.

Кремль Кавказды, Украинаны жоготту. Венесуэла, Сирияда чатак. Тынч Россияга берилген Борбордук Азия гана калды. Борбордук Азиядан Кыргызстан менен Казакстан өзгөрүүдө. Ушул фондо Кремль өзү колдоп койгон эки кыргыз президентинин «жаман прецедент» жаратып жаткан саясий конфликти аларга жагымсыз. Анткени региондо тынчтык керек.

– Авторитардык мамлекеттердин президенттери Атамбаевдин камалышын карап отура береби же таасирин тийгизеби?

– Каматпай калууга кол кабыш кылса керек. Эгер Путин Атамбаевди каматып карап отура бере турган болсо, ал нерсе башка мамлекеттерге да тарайт. Ошон үчүн жеке Путинге, жаңы гана бийликти трансформация жасап жаткан Назарбаевге да Кыргызстандагы тынчтык маанилүү. Азыркы президент Жээнбековдун мурдагы президент Атамбаевди куугунтуктап жатканы аябагандай жаман прецедент. Башкача айтканда бул нерсе Казакстанга, Россияга жуга турган инфекция. Менимче Кремль жана Астана чечим кабыл алат. Сооронбай Жээнбеков алардын айтканын аткарат.

Жыйынтык мен мурдатан эле айтып жүргөндөй «Атамбаев маселеси» Москвадан чечилет. Анткени Назарбаев да, Путин да артынан кылмыш иши ачылып куугунтук болушун каалабайт. Ошондуктан Атамбаевге жасалып жаткан мамиленин баары психологиялык гана кысым десек болот.

– ИИМ Атамбаевди суракка чакырдык дешкени менен мыйзамды жакшы билгендер суракка чакырганы акылга сыйбаган иш экенин баса белгилеп жатышат го?

– Атамбаевдин суракка чакырылышы, парламенттин кол тийбестигин алуу аракети, артыкчылыктарынан ажыратууга болгон далалаты юридикалык күчкө ээ эмес. Чечим сот аркылуу чыкканда гана парламенттин чечими болобу, прокуратуранын чечими болобу күчкө ээ болот. Ага чейин Атамбаевдин артыкчылыктары саясий жактан да, укуктук жактан да кала берет.

– Экс-президенттин азыркы абалы реформа болбогонун далилдеп жатабы?

– Албетте, реформа болбогону далилденди десек жарашат. Арийне мурдагы президентке болуп көрбөгөндөй чоң күнөөлөр коюлуп жатат. Таң калычтуусу президентке күнөөнү оппозиция эмес, тескерисинче 7 жыл бою өзү менен чогуу узурпацияны бекемдегендер коюп жатат. Эгерде Атамбаев туура эмес иштеген болсо, туура эмес иштешине шарт түзүп бергендер да жоопкер болуш керек. Себеби президент 7 жылдын ичинде коррупция менен алек болгон болсо, аны менен чогуу жүргөндөр таза эмес. Алар Атамбаевди күнөөлүү кылып, өздөрү таза бойдон калып, болгон дооматтын баарын Атамбаевге оодарышууда. Башкача айтканда, алар баарына жалгыз гана Атамбаевди күнөөлүү кылып, биз аппакпыз деген көз карашты укук коргоо органдары жана парламент коомдук пикир жаратканга аракет кылып жатат. Бирок биз билебиз, бул жерде Атамбаевдин эле эмес, премьер-министрлердин, Жогорку Кеңештин төрагасынын да жетишээрлик күнөөсү бар экенин. Ошон үчүн жалгыз эле Атамбаевди күнөөлүү деген адилетсиздик, мыйзамсыздык болуп калат.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: