Menu

Адвокат Гүлнара Каримова абактан тез жардам унаасы менен чыгарылып кеткенин билдирди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун 10 жылга соттолгон кызы Гүлнара Каримова абактан тез жардам унаасы менен чыгарылып кетти. Бул тууралуу анын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Адвокаттын айтымында, 18-июлда анын Каримова менен жолугушуусуна уруксат берилген эмес. Ал короодо күтүп турган маалда абактан эки тез жардам унаасы чыгып кеткен. Кийинчерээк юрист өз булактарына таянып, алардын биринде Гүлнара Каримова болгонун билдирди.

Июндун аягында адвокат мурдагы президенттин кызынын саламаттыгына тынчсызданып жатканын билдирген. Анда өлкөнүн Юстиция министрлиги Каримованын камактагы шарттарга дооматы жок экенин билдирип, бирок анын оорусу тууралуу эч кандай кабар берген эмес.

2015-жылы августта Ташкент шаардык соту Каримованы «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо» жана «Пара талап кылуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. 2017-жылы атасы каза болгондон кийин ага каршы бир нече экономикалык кылмыштар боюнча дагы бир иш козголуп, 10 жылга соттолгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: