Menu

Тилбезээрлердин уюгуна айланган “Бишкек Парктын” кожоюндарын тизгиндей турган орган барбы?

Бөлүшүү:

«Жамандын үйүн коногу бийлейт» деген ата-бабанын нарктуу сөзү бүгүн бизге куп гана жарашып турат. Кайсы тармакты карабагын кечээ босогодон эптеп киргендер бүгүн кутуруп, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илишүүдө. Буга чейин итке калпак кийгизип кыргызды шылдыңдаган «Бишкек Парктын» төшү түктүү кожоюндары кечээ күнү кыргыз тилинде сүйлөөгө тыюу салгандыгы ачыкка чыгып, элдин кыжырын кайнатты. Тактап айтсак, Абдулбасит Давлат аттуу жаран 17-июлда мейманканага барса атасын тааныбай чакчаңдаган кызматкер: «бул жерде орусча, түркчө же англисче сүйлөңүз» деп айтып алкыныптыр. Айласы кеткен Абдулбасит интернетке кайрылып: «Мен «кыргыз кыздар болсо айтыңыз» деп талап кылсам сыртка чыгып кетти. Аңгыча ары-бери басып жүргөн кыргыз кыз келди. Мен ага болгон окуяны айтып берсем, ал дагы тиги орус кыздын айтканын талап кылды. Беш мүнөт өтпөй жанагы орус кыз сырттан төрт кыргыз жигитти ээрчитип келди. Мен таң калып «жигиттер, тынччылыкпы?» десем «байке, бул жерде ушундай мыйзам бар. Маселе жаратпаңыз» деп суранышты. Анан мен өзүмчө «атаңдын көрү, мен кыргыз жеринде эмес, башка өлкөдө жашайт турбаймынбы?» деп ойлодум. Ушул окуяга кандай көз караштасыздар?» деп жазыптыр. Деги булар качанга чейин кутурат? Мамлекетти шыйрагындай көрбөй көпкөн конокторду ордуна койчу орган барбы? Же, сөзсүз түрдө караламан кыргыз көтөрүлүп келип ташын талкан кылышы керекпи?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: