Бүгүн, 22-июлда Алмаз Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө КР Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган эки тергөөчү келишип, кыргыздарды өлтүрүп, кулактарын кесип шылдыңдап, 2005-жылы узак мөөнөткө камалган кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу фыктысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үйүндө суракка алышканы келгенин билдиришти. Бирок, Атамбаев тергөөчүлөрдү үйүнө киргизбей койду.
Ал эми Атамбаевдин расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева сыртка чыгып: “бийлик мыйзамдык талаага кайрылып келмейинче Атамбаев эч жакка барбайт. Бийликтин Атамбаевге карата жасап жаткан аракеттеринин баары мыйзамсыз. Жогорку Кеңештин Алмаз Атамбаевден экс-президент макамын алып салуу боюнча чечими да мыйзамсыз” деп жарыялады.
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Атамбаевди күч менен суракка алып кетүү чечимин тергөөчү гана кабыл ала алат” деп билдирди.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ