Menu

Абдрахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр: “Өкмөт иштей албай жатат!”

Бөлүшүү:

– Россия курчуп бараткан Атамбаев менен Жээнбековдун мамилесине кийлигиши мүмкүнбү?

– Албетте, Россия өзүнүн стратегиялык өнөктөшү – Кыргызстанда саясий-коомдук кырдаалдын туруктуу болушуна кызыкдар. Ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде кеңешүүлөр жүрүшү мүмкүн. Бирок, түздөн-түз кийлигишүүгө барбайт го. Атамбаев менен анын мындан аркы тагдыры, коопсуздугуна кепилдиктер боюнча сөз болушу мүмкүн.

– Атамбаев “кайдан, кантип бараарымды мен эмес, мени чакырган тарап чечет”- деди го?

– Күтүп туралы. Анткени, анын тагдыры жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө байланыштуу болот деп ойлойм.

– Атамбаев суракка барбай туура кылдыбы же мыйзамды тоготпой жатабы?

– Эгер барып, адвокаты менен бирдикте коюлган суроолорго жооп берип келсе, ал мыйзамды сыйлаган инсан экенин далилдемек жана башка кылмышка шектүү, качып жүргөндөргө үлгү да болмок. Мен ойлойм, ал кишини бүгүн-эртең эч ким деле камабайт болуш керек.

– Абдрахман агай, кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ал турсун ок атылып, жарадар болгондор бар экени айтылууда. Мындай жагдай кайта-кайта кайталанбаш үчүн ким кандай иш кылышы керек?

– Алгач өкмөт иштеши керек. Чек ара маселелери боюнча иш алып барган вице-премьер министр жана башка жетиштүү кызматтар бар. Ошолор иш алып барып, кырдаалды жөнгө салышы керек. Башкача айтканда, өкмөттүн алдындагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиясы активдүү иштеши керек. Жумушчу топтор тарабынан даярдалган материалдар көп. Ошолорду талкуулап, убагында туура чечим кабыл алып туруу зарыл. Кыргызстандын кызыкчылыгын колдоо үчүн чек ара маселелери менен компетенттүү, тажырыйбалуу, мекенчил, эл ишенген, таза, демилгелүү адамдар алектениши керек.

– Бирок, алсыз өкмөт чек ара маселесин чече албайт дегендер четтен чыгып жатат го?

– Эгер ушундай эле темпте иш алып барыша турган болсо, анда маселени чече албайт. Чечмек турсун, мындан да көп чыр-чатак чыгышышы мүмкүн.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: