Menu

Манас Ниязов эми америкалык улакчыларды машыктырат

Бөлүшүү:

Океандын ары жагындагы спортчуларды машыктыруу сунушу кыргызстандык көк бөрүчүгө бир ай мурда түшкөн.

Кыргызстандын алдыңкы улакчыларынын бири Манас Ниязов АКШнын көк бөрү командасын машыктыруу үчүн чакырылды.

Ниязов америкалыктардын сунушун азырынча кабыл ала элек. Бирок эгер шарты туура келсе барып машыктырууга даяр экенин билдирди.

Ниязов: “Былтыр Көчмөндөр оюндарында АКШдан келген көк бөрүчүлөр менен таанышканбыз. Алар мага белектерин берип, телефон номеримди алып калышкан. Бир ай мурун чалып чакырышты. Учурда жол-жобосу, шарт-талаптарын сүйлөшүп жатабыз. Эгер ылайыктуу болсо барып келем”, — дейт.

Манас Ниязов 26 жашта, Орто Азиядагы көк бөрү сүйүүчүлөрүнө таанылган мыкты улакчылардын бири. Ош облусунун “Достук” командасынын негизги чабуулчусу. Кыргызстандын курама командасында дагы ойнойт. Бир нече ирет “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты улакчы” аталган. Ал ойногон “Достук” Кыргызстандагы күчтүү командалардын сап башында турат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: