Menu

“Коопсуз шаар” долбоорунан 171 млн. сом чогулду

Бөлүшүү:

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери 500 миңдей жол эрежесин бузуу каттталып, анын ичинен 150 миң 578 факт боюнча айдоочулар айып пулун төлөштү. Алар төлөгөн каражат жалпысынан 171 миллион сомго жеткен. Калган көрсөткүчтөр боюнча айып пулдун жарымынан көбү чогула элек. Өкмөт дээрлик жарым жылдагы бул көрсөткүч жол кырсыктарын кескин азайтканын билдирди. Бирок ошол эле кезде долбоордун алгачкы жыйынтыктарына карата сын азайган жок.  Эгер “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген беш айдан ашыгыраак убакыттан берки жол эрежесин бузуу фактыларын санасак, толук 512 миң 158ди түзөт. Мунун 4-мартка чейин катталган 18 миң 600үнүн айып пулу алгач кечилип кеткен.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: