Menu

Москва Атамбаевдин Россияда жашынып калуусуна мүмкүнчүлүк бербейт

Бөлүшүү:

Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев менчик самолет менен Россиянын Канттагы авиабазасынан Москвага учуп кетти. Ал Россиянын борборунда ким менен жолугуп, эмне тууралуу сүйлөшөрүн айткан жок. Бирок, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн фейсбук баракчасында өтө жогорку деңгээлдеги жолугушуу күтүлүп жатканын билдирди.

Россиялык эксперт Аркадий Дубновдун айтымында, Алмазбек Атамбаевдин «Москвада өтө жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөм» дегени чын болуп чыкты. «Мендеги маалыматтар боюнча, мындай сүйлөшүүлөр чындыгында эле болот. Менимче, Кремлде Атамбаевге азыркы жетекчилик менен конфронтациядан баш тартуу зарылдыгын мындай тирешүү өлкөдө жаңы туруксуздукту алып келиши мүмкүн экендигин сездиришет. Албетте, Россия мындай туруксуздукка кызыкдар эмес, бул тууралуу Россиянын жетекчилиги менен өзгөчө мамилеси бар экендигин айтып, чайкоочулук жасаган Атамбаевге түшүндүрүшөт» – дейт А.Дубнов.

Эксперттин пикири боюнча, алдыдагы жолугушуу эки өлкөнүн жетекчилери Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун жакындагы эле сүйлөшүүлөрүнөн улам болуп атышы мүмкүн.

«Ошентип, Россия Кыргызстандагы саясый жана экономикалык туруктуулуктун кепили бойдон калууда. Кытай экономикалык демөөрчү болгонуна карабастан, Бишкектеги саясатчылар ортосундагы байланышты дал Москва түзөт» – деп белгиледи эксперт. Ал ар бир экс-президенттин (Роза Отунбаеваны эсепке албаганда) Кыргызстандан качышы жаман салт болуп калбашы үчүн Москва Атамбаевдин Россияда жашынып калуусуна мүмкүнчүлүк бербейт деген ишенимде.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: