– Абдырахман Мадакимович, кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты. Эмне үчүн мындай конфликттер системалык мүнөзгө айланып баратат?
– Өкмөт, анын алдындагы чек ара боюнча комиссия иштебей жатат. Чек араны тактоо, бекемдөө маселелери өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болуш керек. Бул багытты тейлеген вице-премьер, комиссия, секретариат күн сайын ырааттуу, максаттуу иш жүргүзбөсө, акыбал оңолбойт, дагы чыр-чатактар чыгышы мүмкүн.
– Бая күнү экс-президент да бул маселеге комментарий берип, Курбанбай Искандаров жакшы адис эле, аны бекер иштен алып коюшту дегендей пикирин айтты. Ушул багытта иштеген киши катары сиз кандай деп ойлойсуз?
– Курбанбай Искандаров көп жылдан бери иштеген тажрыйбалуу кызматкер эле. Албетте, ал берген маалыматты тыкыр текшергендин ордуна, аны кызматтан алып коюшканы туура эмес.
– Сиздин оюңузча, Жеңиш Разаков азыркы кызматына канчалык ылайык келет?
– Мен мурда бул кызматта иштегендиктен, баа бергеним туура эмес болуп калат го. Анүстүнө анын кандай иштеп жаткандыгы алаканга салгандай эле көрүнүп турбайбы…
Аттокур Жумаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ