Menu

Өмүрбек Израилов, актер: “Келечектеги жубайым тамакты жакшы жасаган кыз болсо экен…”

Бөлүшүү:

Жаш, таланттуу актер, ырчы, аткаруучу, алып баруучу, режиссер, айтор таланттын баарын өзүнө камтыган жаштарыбыздын бири Өмүрбек Израиловдон кызыктуу маек…

– Өмүрбек, “Дарак ыры” мюзикли менен дүйнө кыдырып келдиңер. Бул тасма сенин чыгармачылыгыңдагы визиткаң болуп калды көрүнөт?

– Туура айтасыз, бул тасма менин визиткам болуп калды. 2017-жылы Кыргызкинематографисттер союзу менен “Айтыш фильм” киностудиясы аркылуу кастинг жарыяланып, ошол жакка барып калып тандалып алынгам. Айбек Дайырбеков өзү тасмага тартылууга сунуштаган. Бул тасма кыргыз киноиндустриясындагы алгачкы тарыхый мюзикл болгондугуна байланыштуу талаптар абдан күчтүү болгон. Аталган тасмага тартылганга чейин башка тасмаларда эпизоддук ролдорду жаратып жүрсөм, бул тасмада башкы каармандын образын жараттым. Андыктан менин дебюттук ролум десем жаңылышпайм. Сиз айткандай тасманын арты менен Иран, Орусия мамлекеттерине фестивалдарга катышып келдик. Мюзикл бир топ фестивалдарга катышып, Гран-прилерди багындырып келе жатат. 2019-жылдагы “Ак илбирс” кино сыйлыгын тапшыруу аземинде негизи 11 номинация болсо, анын 8 номинациясын биздин тасма утуп алды. Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде премьералары болуп жатат. Андыктан бул тасмага тартылып калганыма сыймыктанам.

– Театр сен үчүн?

– Театр мен үчүн бүтүндөй өмүр, менин экинчи үйүм жана нан таап жеген куттуу жерим. Ушул жердин арты менен тасмаларга тартылып, ушул жердин арты менен элге аз да болсо таанылып келе жатам. Андыктан театрды акжолтой өргөөм дегим келет.

– Режиссурага да кадам коюптурсуң. Алгачкы спектаклиңди көрүүчүлөргө тартуулаптырсың, куттуктайбыз. Толугу менен киришүү планындасыңбы?

– 2015-жылы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынынын алдындагы театралдык окуу жайды аяктагандан кийин дароо эле Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин “Режиссура” факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам. Быйыл окуумду аяктап, дипломдук ишимди, тагыраагы өзүм койгон спектаклимди элге тартууладым. Жетекчим театрдын көркөм жетекчиси Назым Мендебаировдун көмөгү менен Кыргыз драма театрынын иш планында пландан тышкаркы спектакль коюлсун деген тапшырма менен айтылуу театр таануучу Ж.Осмоновдун “Сен экөөбүз” аттуу пьесасын коюу талабы мага жүктөлгөн. Колумдан келишинче аталган чыгарманы сахналаштырганга аракет кылдым. Спектаклди окуу жылы аяктап жатканда коомчулукка тартууладык. Университетте окуткан агай-эжелерим, театрдын көркөм кеңешинин мүчөлөрү, театр сынчылары келип көрүп кайтышты. Чыгарманын автору Жаныш Кулмамбетов агай өзү келип колумду кысып кетти. Бул мен үчүн чоң сыймык. Ал эми режиссурага толук киришүү тууралуу азырынча ойлонуудамын. Кудай буюрса, толук киришем деген ойдомун. Эгер агайым уруксат берсе, ишенсе дагы да спектаклдерди койгонго даярмын.

– Апакеңе келин болчу кызды кандай болсо деп кыялданасың?

– Ыймандуу, адамгерчиликтүү, мени, үй-бүлөмдү, апамды, менин чыгармачылыгымды сыйлаган, тамакты жакшы жасаган адам болсо дейт элем.

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: