Menu

Түркмөнстанда президенттин өлүмү тууралуу ушак тараткандар кармалды

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу ушактарды тараткан адамдар кармала баштады. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата «Түркмөнтелеком» ишканасынын Лебап облусундагы бөлүмүнүн кызматкери, Суу чарба башкармалыгынын жана жергиликтүү Турак-жай-коммуналдык чарбасынын бирден жумушчулары кармалды.

Мурдараак Түркмөнстанда айрым эстрада ырчылары менен блогерлер социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу мекендештерин президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу кабарга ишенбөөгө чакыра башташкан. Алардын көбү #duryalan («токто, жалган») деген хештэг менен билдирүүлөрдү жазып, президентке өмүр тилеп, жалган маалымат тараткандарга каргыш айтышкан.

21-июлда оппозициячыл «Эркин Түркмөнстан» ютуб-каналы өлкөнүн баш калаасындагы өз кабарчыларына шилтеме кылып, мамлекет башчы 20-июлда каза болгонун билдирген. Президент эл алдына акыркы жолу 5-июлда чыккан. 15-июлда анын басма сөз кызматы президент эмгек өргүүсүндө экенин билдирип, мамлекет башчынын неберелери менен ойноп жатканы тартылган видеону тараткан.

Бердымухамедов Түркмөнстанды 2007-жылдан бери башкарып келет. Быйыл июнда ал 62 жашка чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: