Menu

Ташкент аэропортунда көтөн чучугуна алтын катып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Бөлүшүү:

28-июлда «Ташкент» аэропортунда көтөн чучугуна жарым килограммга жакын алтын катып өтүүгө аракет кылган эркек киши кармалды. Бул тууралуу мекеменин жетекчилигине жакын өз булактар кабарлашты.

«Текшерүү маалында сканерлөө жабдуусу анын организминде металл бар экенин көрсөткөн. Көтөн чучугун текшергенде презервативге салынган 400 граммдан ашык алтын табылды. Алынган алтындын жалпы баасы 12-17 миң долларды түздү», – деди булак.

Бул факты боюнча Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан «Өлкөдөн мыйзамсыз чыгуу», «Аткезчилик» жана «Бажы мыйзамдарын бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Азырынча кармалган намангандык жарандын кайсыл жерде экендиги белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: