Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Кызылордо облусунда жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Кызылордо облусунда жол кырсыгында каза тапкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жабыркагандарга жана каза болгондордун туугандарына жардам көрсөтүү, анын ичинде набыт кеткендердин сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алып, Өкмөттүн Аппаратына аткарылган иштердин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды ыкчам жиберип турууну милдеттендирди.

Эске салсак, Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча 2019-жылдын 1-августундаКазакстан Республикасынын Кызылордо облусунун Кармакшин районундагы «Батыш Кытай – Батыш Европа» унаа жолунда«Тойота-Естима» маркасындагы унаанын жана «Мерседес Бенц» жүк унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын беш жараны 1974-ж.т. А.К., 1978-ж.т. С.Н., 1983-ж.т. А.Т., 1991-ж.т. М.У., 2001-ж.т. К.А.  көз жумган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кармакшин райондук ооруканасына ар түрдүү жаракаттары менен КРнын үч жараны 1992-ж.т. У.А., 1992-ж.т. М.М. жана 1998-ж.т. К.А., жаткырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: