Menu

Назгүл Акунова, ырчы, алып баруучу: “Талантың бар болгону менен таанылуу оңой иш эмес экен”

Бөлүшүү:

“Марал” радиосунун көпчүлүктүн сүйүп уккан уктурууларынын бири “Ырчы жеңенин ысык чайы” уктуруусу. Бир топ убакыттан бери атактуу ырчы-чоорчуларды студиясына чакырып өзгөчө шаң менен тосуп алып, элдин көңүлүн көтөрүп келишет. Аталган долбоордун таланттуу алып баруучусу, ырчы Назгүл Акунованы кепке тарттык.

– Назгүл эже, “Ырчы жеңенин ысык чайы” долбоорун көптөн бери алып барасыз, долбоордун жаралуу тарыхы, ийгилиги тууралуу айтсаңыз? Аталган долбоорду ырдай билгендер гана алып барышы керек ээ билишимче?

– Бул радиобуздун эң эле аксакал долбоору. Кайсы бир майрам болуп радиобуздун дасторкону жайылып, ырчыларды чакырып ырдатып, коноктоп, угармандардын да, таланттарыбыздын да көңүлүн алганбыз. Ошол күнү баарыбыз отуруп тамашалашып “жеңе”, “самоор” деп ар кимибиз ар кайсыны айтып жатып эле “Ырчы жеңенин ысык чайы” деген тема менен жаңы долбоор ачып алганбыз. Кыргыз эли өзүбүз негизи ыр жандуу, той жандуу келет эмеспизби. Анын үстүнө биздин жамаат да жалаң чыгармачыл, ырчы-чоорчулардан турат. Ошого жараша студиябыздын атмосферасы да ырдагыңды эле келтирет. Бул долбоордун элге бат сиңип кеткенине жогоруда айтылгандар себеп болду окшойт. Сиз айткандай бул долбоордун аты айтып тургандай эле алып баруучу өзү да ырдай билиши керек.

– Радио дүйнөсү сиз үчүн?

– Радио дүйнөсү мен үчүн аалам. Күн сайын сүйүктүү жумушума майрамдагыдай келем. Күткөн угармандардын алкоо сөздөрү жан дүйнөмдү байытып, мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди багынтууга түрткү берет. Күндө бир эле жумуш, бирок күн сайын сени күткөн эски жана жаңы достор, жаңы сөздөр, идеялар, жаңылыктар. Анан да саясаттан тышкары угармандарга жакшы маанай тартуулоо максатында жалаң гана жакшы жаңылыктар менен бөлүшкөндүктөн өзүм дагы күн сайын жаңыланып, маанайым ачык, сергек жүрөм. Кесибимдин өзгөчөлүгү мына ушунда.

– Клип тарттырып ырдап калчу элеңиз. Толугу менен шоу-бизнеске кирүүнү пландап жатасызбы?

– Ооба, аз-аздан аралашып келе жатам. Негизинен чыгармачылык дүйнөгө кеч аралаштым. Талантың бар болсо эле болду да, жылдыз болуп кетүү оңой деп ойлочумун. Жок, тескерисинче экен. Чыгармачылыктын өзү өтө түйшүктүү. Күндө ыр жаздырып ырдасаң деле болот, бирок бул жакта деле “кара кыздын агынан эмес, багынан” дегендей экен. Сөзсүз жакшы ырга жакшы обон жаралышы керек. Ошол кездеги элдин эмоционалдык абалы, өзүңдүн абалың, энергияң, ырдын аранжировкасы, айтор майда-чүйдөлөрү өтө көп. Бирок улам жаңы жаздыргаш ырларым улам жакшырып келе жатат. Бул да болсо кичинекей жетишкендик. Өткөндө бир маекте айттым эле, чыгармачылык дүйнөдө ордумдан туруп тизелеп калдым деп. Ал эми азыр кас-кас туруп бир-эки кадам шилтеп калдым. Буюрса мени да ар бир жерден уга турган күн келе жатат. Себеби максатым так аныкталды. Багытымды туура алдым деп ишенем.

– Чыгармачыл чөйрөдө жашап кетүү баарынын эле колунан келе бербейт дешет…

– Шоу бизнестин жаман жагы көп деп угабыз. Бирок бизде андай бут тосуулар көп деп айтуудан алысмын, жок дебейм дагы. Ал ар бир адамдын өзүнүн аракетинен көз каранды деп ойлойм. Бизге негизи чыныгы шоу бизнес жаңы келе баштабадыбы. Жакшы жагын алып, жаманынан оолак болсок экен. Анткени элдин маданиятынын, табитинин, жан дүйнөсүнүн бөксө же толук экенине да чыгармачыл чөйрө таасир этет. Бирок биздин чыгармачылык дүйнө жалаң эле шоу бизнес болуп кетсе, көптөгөн асылдыктарыбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Андыктан шоуну шоу деп, баалуулуктарды баалуулуктар деп так жана туура бөлүп, ар бирине өзүнө жараша мамиле кылганыбыз оң. Баалуулукту баалуулук дебей башаламан кылгандарды маани-маңызсыз ырларды тынымсыз жарнамалап, ырдап жаткан жаштарыбыз далилдеп жатпайбы.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: