Menu

Марсбек Кадыров: “Алмаз Атамбаев өзү 2009-жылы менин атам жана агам Кубанычбек Кадыров менен мамлекеттик төңкөрүш жасоо пландарын түзүп, ачык эле айтып олтурчу”

Бөлүшүү:

– Марсбек Бекбосунович, учурда саясий куугунтукка алынган Кубанычбек Кадыровдун бир тууган иниси болот экенсиз. Кубанычбек мырзанын камалышына бир тууганы катары көз карашыңыз кандай?

– Менинин бир тууганым Кубанычбек Кадыров менен жана башкалардын камалышын мен саясий куугунтук деп эсептеймин. Белгилүү болгондой, 2010-жылы төңкөрүштү биз үй-бүлөөбүз, санаалаштарыбыз, Алмаз Атамбаев менен чогу кылганбыз да.

– Кандайча үй-бүлөөңүз менен…

– Мен сизге ортосунан оюп эмес, четинен чындыкты айтып берейин. Алмаз Атамбаев, менин атам Бекбосун Кыдыкбаев менен 1987-жылдан бери эң жакын достордун бири болуп келген. Атамбаев бийликке келгенге чейин биздин үй-бүлөө менен абдан тыгыз байланышта жүрүп, жаман-жакшы күндөрдө чогу болуп, бир досторкондо даам сызып эле жүргөнбүз. Ал тургай Атамбаев оппозицияда жүргөндө көптөгөн кишилер бул кишиден качып, УКМК тарабынан куугунтукталып жургөндө далай жолу биздин үйүбүздө жатып, төрдүн сыйлуу кадырлуу коногу болгон. Мусулманчылыкта айтып коет эмеспи, “жакшылык кылганыңды айтпа” деп, бирок, аргасыздан ачыкка чыгарып айтууга туура келди. Мен ушул жерде бир окуяны эске салып кетпесем болбойт . 2009-жылы биздин үйдө, Ысык-Көл облусунун Кароол-Дөбө айылында досторкондун үстүндө Алмаз Атамбаевдин айткан сөзү эсимде. “Бакиевдер акмак экен, үй-бүлөмдү куугунтуктап жатат. Үй-бүлөнү куугунтуктаган бул абдан жаман. Камаса мына мени камасын. Аялымды, балдарымды, бир туугандарымды жөн эле койсо болмок” , – деп аябай кайгырып, башын кармап, чындыкка күйгөн адам болуп айткан. Азыр болсо, өзү жек көргөн Бакиевден былыктары ашып, биздин үй-бүлөбүзгө ачык кол салып баштады. Буга далил катары мени кызматыман алдырганы аз келгенсип, жасалма саясий кылмыш иш козгоп, камады. Кызыгы, 2010-жылы 6-апрелде Бишкек шаарындагы Атамбаев өзү отурган камерага Убактылуу кармалуучу (ИВС) жайга  отуруп чыктым. 2012-жылдан бери соттошуп, соттон утуп чыксам дагы, мени кызматыма коё элек. Бош жүрбөйүн деп убактылуу бир чоң окуу жайына мугалим болуп кирип иштеп жаткан жеримден “Марс, силер оппозицияда жүргөндүктөн, биз сени менен иштеше албайбыз, бизге жогору жактан кысым болуп жатат. Бизди туура түшүн”, – деп ал жерден дагы кетирип тынышты. Ошондо 4 жылдан бери бош жүрөм, эч ким мени жумушка албайт. Таң калычтуусу инилерим Максат менен Майрамбекти дагы эч бир кызматка орноштура албай койдук. Ойлоп көрсөм, тээ илгери Атамбаевдин биздин үйдө качып жүргөн байкуш кейпин биз кийдик. Ошол оор күндөрдү унутуп койгон Атамбаевдан кандай жакшылык күтсөк болот.

– Менин түшүнүгүм боюнча 2010-жылдагы болгон революцияга катышкандардын жана Бакиевдердин бийлигине каршы чыккандардын арасында турган жарандардын бири экенсиздер. Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин айрымачылыгы же болбосо өзгөчө сапаттары дегеле экөөнүн бири-биринен айрымасы бар бекен?

– Айрымачылыгы Бакиевдердин учурунда Кубанычбек агама куугунтук болгон. Эске сала кетсек, 2009-жылы так ушул Атамбаевдин таламын талашып, Кыргызстанда биринчилерден болуп, коркпой-үркпөй эле Бакиевдердин бийлигине каршы чыкканбыз. Ошондо биз Балыкчы элин көтөрүп чыкканыбыз үчүн агамды жана элди мыйзамсыз камаган. Мына ушул Атамбаевдин артынан Кубанычбек байкемди күч органдары керегинче ур-токмокко алган. Сиз, эки мамлекет башчысынын салыштырмалуулугун айтып жатпайсызбы? Бул жерде ачыгын айтыш керек, Бакиевдердин айрмачылыгы Кубанычбек агама эле куугунтук кылса, анын бир туугандарына бизге, эч кандай куугунтук кылган эмес. Азырчы, үч бир тууган дагы 4 жылдан бери кызматсыз жүрөбүз. Атама, мага, агама мыйзамсыз саясий кылмыш иштерин козгоду. Бул эмне деген шумпайлык. Кар жаап из басылып жакшылыкты унутуп, алдынан кара мышык өтүп кетсе эле Кадыровдордон көрүп, аларды душман кылып жатып алган Атамбаевге таң каламын. Жок дегенде Атамбаев, куугунтукта жүргөн  бир күнүн эстеп койсо жакшы болмок эле…

– Чындыгын айтканда Алмаз Шершеновичтин кыялдары орундалды. Атамбаевдин сиздердин үйүңүздөрдө отуруп алып түзгөн пландары же болбосо сөздөрү эсиңиздерде барбы? Учурдагы камалып жаткан оппозициянын кишилериндей эле план түзүлдү беле?

– Ооба, Алмаз Атамбаев, “мен президент болуп калсам, “Кубанычбек мен сени ИИМдин министри, генерал кыламын. Баарыңарды резиденцияга чакырып тамак беремин, жакшылыгыңарды эч качан унутпаймын” деген. Ошондо буларды деле Бакиевдер “мамлекеттик төңкөрүштү пландап кызмат бөлүшүп жатат”, – деп камап койсо деле жарашмак.

 – Жашыруун болбосо, ошол түзүлгөн пландардан айтып берсеңиз, сиздерге кандай тапшырма берилген?

– Бир эле мисал катары айта кетсем, бир туугандарым менен Атамбаевди жана оппозицияны жактаган гезиттерди Ысык-Көл облусунун баардык аймактарына таркатып кыдырып чыкчу элек. Биз ошондо“Бакиевдердин бийлиги болбой калды. Элди эзип бүттү. Атамбаевди президент кылышыбыз керек,” деп ачык эле үгүт иштерин жүргүзгөнбүз. Ошондо мен Чүй облусунун прокуратурасында иштечүмүн. Бирок, бийлик тарабынан бизге мынчалык кысым болгон эмес. Мындан тышкары, бизге “Форум” штабынан, “Бакиевдердин Ысык-Көл облусундагы илинип турган сүрөттөрүн башын кесип туруп өрттөгүлө” деп, ар бир сүрөтүнө 10 миң сомдон берген. 7-апрель күнү Атамбаев менен Роза Отунбаевалар бизге “сүрөттөрдү өрттөп, эл менен барып, райондук мамлеттик адиминистрацияны басып алгыла”,-дешкен.

– Сиздер буйрукту аткардыңыздарбы?

– Ооба, мамлекеттик администрацияны басып алдык. Бакиевдердин сүрөттөрүн өрттөдүк. Акимди сабап, кууп чыгып, элдик аким шайладык. Бул чындык.

– Роза Отунбаева, “Алмаз Атамбаев, мамлекет башчы болсо Кыргызстандын трагедиясы” деп айткан экен, чынбы?

– Ооба чын, менин атама Отунбаева,“Атамбаевди биз эч качан президент кылбашыбыз керек. Ал президент болсо Кыргызстандын трагедиясы” деп айткан, бул факт. Эгерде ушул сөздү Отунбаева калп десе, анда Отунбаеваны “кудайга” койдук.

– Темага кайрылсак, мүмкүн Кадыровдордун үй-бүлөсүнө кол салып, кишен салганына Алмаз Атамбаевдин кызыкчылыгы эмес, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болуп жаткандыр.

– Чынын айтсам биз Атамбаевди көп жылдан бери жакын адам катары жакшы билебиз, ак көңүл адам. Балким сиз айткандай жанындагы бузуку адамдардын сөзүнө кирип кетиши мүмкүн. Бирок, антип ойлоюн десең кайсы жерге барсаң эле, “баардыгын Атамбаев өзү жеке көзмөлгө алып,кылып жатат” десе кантип ишенбейсиң? Буга бир эле мисал катары КР Башкы прокуратуранын өтө чоң жооптуу кызматкерлери ачык эле мага, “сага кызмат бербейбиз, соттун чечимдерин аткара албайбыз, анткени сенин агаң Атамбаевге каршы чыгып жатат. Ак үйдөн буйрук берген” деп айтышты. Биздин үй-бүлөөбүз Атамбаевди бир дагы жолу коомчулукка жамандап айткан эмеспиз. Кубанычбек агам саясатчы катары өзүнун жолу менен жүрүп жатат. Биздин үй-бүлөөнү Атамбаев саясий куугунтукка алып жатканы туура эмес. Мындан ары бир тууган агам үчүн үй-бүлөөбүз менен оппозицияга аттандык. Биз агам менен сыймыктанабыз. Себеби ал чындыкты айтканы үчүн мыйзамсыз камакка алынып отурат.

– Алмаз Шаршенович менен атаңыз эң жакын адам деп айтышат…

– Ооба, Атамбаев менен атам  айылыбыздагы алма бактын ичинде эл катары арак ичишип ага-инидей болушуп жүрчү эле. Атамбаев, менин атама, “Бекбосун байке” деп кайрылчу. Алдыдагы саясий максат Бакиевдерди кантип кетирүү (төңкөрүштү, мамлекеттик бийликти кантип басып алуу) пландарын айтып эле отурушчу.

– Кыскасы, эң жакын сүйүктүү, “тарс” эттирип жакшы тос айткан табакташ достор Атамбаев менен Кадыровдордун арасынан кандайча “жарака” кетти ?

– Эмнеге жарака кеткенин элдин баары билет. Бул тууралуу агам ММК жарыялаган…

Марсбек мырза, мындан аркы кадамыңар кандай болот, ошол убактагы оппозиция, азыркы бийликтин көп былыктарын ачыкка чыгарам деп жатасыз. Сизди дагы Кубанычбек мырзадай камап салса эмне кыласыз?

– Биз бул бийликтин зордук-зомбулугунан коркпойбуз. Үй-бүлөөбүз менен камап коюшсун. “Ак ийилет бирок сынбайт. Чындык эч качан жерде калбайт.

– Маегиңизге рахмат.

РS:  Учурда саясий куугунтука алынып, камакта жаткан Кубанычбек Кадыровдун бир тууган иниси Марсбек Кадыров, Алмаз Атамбаев, Тургунбек Кулмурзаев жана 2009-жылдагы оппозиционерлердин кайсы кылмыш дүйнөсүндөгүлөр менен жакын байланышы бар экендигин алардын “секреттерин” жакынкы күндөрдө ачыкка чыгара тургандыгын билдирди.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: