Menu

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман кызматтан кетүү арызын жазды

Бөлүшүү:

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу The Hill басылмасы кабарлады.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын атына жазган арызында Хантсман эки өлкө ортосундагы мамилелердин оор учурунда ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген.

Америкалык дипломаттын бул кызматта 3-октябрга чейин иштей турганы кабарланууда.

ЖМКлардын маалыматына караганда, Хантсман Юта штатына кайтып барып, алдыдагы шайлоодо губернатор кызматына талапкерлигин коюуга ниеттенүүдө.

Хантстман – Республикалык партиянын мүчөсү. АКШнын Орусиядагы элчиси кызматына 2017-жылы дайындалган. 2005-2009-жылдар аралыгында Юта штатынын губернатору болуп иштеп, кийин АКШнын Кытайдагы элчиси кызматына дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: