Түркмөнстада 27-сентябрда белгилене турган өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар башталды. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, баш калаанын борбордук стадионунда бюджеттик мекеме кызматкерлери менен жогорку окуу жайлардын студенттери ары-бери басып, түрдүү көнүгүүлөрдү жасоого мажбурланып жатышат.
Учурда Ашхабадда күндүз абанын температурасы 40, түнкүсүн 35 градус ысык болууда.
Мамлекеттик ЖМКлардын билдиришинче, 5-августта өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Эгемендүулүк күнүнө даярдык көрүү жана аны жогорку деңгээлде өткөрүү тууралуу буйругу жарыяланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ