Menu

Премьерге аңчылык жанданды

Бөлүшүү:

Август айында жаздан бери дымып калган премьер-министр Абылгазиевди сындоо иши соцтармактарда кайрадан жанданды. Учурда анын мураскери ким болоору кызуу талкууга алынууда, бирок кандай жаңы өкмөт келбесин, жашоосу көп болсо, бир жылга гана уланаары унутта калгандай.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин позициясына айлана-чөйрөнү коргоо Агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовдун камакка алынышы олуттуу сокку урду. Бул аткаминер эчактан эле бирди көргөнү калган эле, ага коомчулуктун да, укук коргоо органдарынын да бере турган суроолору көбөйүп кеткен. Бирок дайыма суудан кургак чыгып кетип жүрдү дегендей. Аны колдогон башкы кожосу так ушу өкмөт башы Абылгазиев болчу. Абылгазиев аны тээ Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүндө биринчи вице-премьер -министр болуп иштегенден бери эле колдоп келатканы маалым. Баса, Рустамовдун дагы бир өнөктөшү деп Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов да айтылып келген.. Булар экөө ошол кезде тоо текелерди атууга мораторий киргизиш керек дешип бир нече
жылдар бою далбастап чуркап жүрүшпөдү беле. Кызыл китептеги жаныбарларды атууга ышкысы күч чет элдик турист-мергенчилерден бапыраган акча түшөт, андайды ким эле колдон алдырып жиберсин. Эми ушул чакта премьер позициясын алдырып баратканы ачык болуп калганда, күзүндө эмне болоор экен?

Конституция боюнча ар кандай өкмөт Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо болоору менен отставкага кетиши керек. Бул шайлоо туптуура бир жылдан кийин, 2020-жылы болоору белгилүү. Ошондой болгон соң премьерди бир жылга алмаштыруунун эмне зарылчылыгы бар? Муну президент Сооронбай Жээнбеков ойлонушу керек. Арийне, жаңы кабинет түзүлүп, планын кабыл алып ишке киришкенче эле бир жыл өтүп кетиши мүмкүн. Анан андан ары шайлоо өнөктүгү да кирип келип калат. Башка жагынан алганда, эгерде баарын мурдагыдай калтыра турган болсо, анда нааразы болгон эл массалык түрдө оппозицияга добуш берип жибериши мүмкүн.

Баарын Кумтөр менен бекитиле турган жаңы келишим чечиши ыктымал. Өкмөткө Центерра менен жаңы келишим бекитүү үчүн 31-июлга чейин убакыт берилди. Бул дата өтүп кетсе да келишим алиге чейин бекитиле элек. Бирок жаңы келишимдин долбоору канадалыктар менен макулдашылды дешти, бирок аны коомчулукка көрсөтүшкөн жок. Эми эгерде аны парламенттик талкууга алып чыгып, Жогорку Кеңеш четке кага турган болсо, анда Абылгазивдин карьерасы бүттү деп эсептей берсе болот. Эгерде жактырып калса, анда ар кандай башка варианттардын болушу мүмкүн.

Жекшенбек Абдысатаров

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: