Кечээ, 6-августта Кыргыз Республикасынын Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол департаментинин директорунун орун басары Эбигейл Бойлга ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Тапшыруу маалында элчи Эдил Байсалов Улуу Британияга келген учурдагы жылуу кабыл алуу үчүн ыраазылык билдирип, өз миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-британ мамилесин мындан ары бекемдөөгө бардык аракетин жумшаарын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ