Милиция 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жоокерлерин барымтага алган Атамбаевдин тарапкерлеринин өздүгүн тактады жана издөөгө алды. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
“Аталган кылмыш фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Барымтага алуу” беренеси менен сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөө жана башка тийиштүү органдар тергөө жана ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Жоокерлерди барымтага алган Атамбаевдин тарапкерлеринин өздүгү фото жана видеоматериалдар аркылуу такталды. Алардын баары кыргыз мамлекетинин мыйзамдары боюнча жазасын алышат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Андан ары милиция бул кылмышка шектелип жаткан Атамбаевдин тарапкерлеринин сүрөттөрүн жарыялап, аларды табууга жардамдашууга чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ