Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ала-Бука районундагы мал союучу цехтин иши менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары учурунда мал союу менен алектенген ишкананын иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында жайгашкан ишкананы ишке берүү үчүн «Айыл чарбасын каржылоо»программасынын алкагында жылдык 6% үстөгү менен  7 млн сом өлчөмүндө насыя алынган. Эл аралык стандарттарга жооп берген, россиялык өндүрүштүк технология орнотулган.

Цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу 200 башка чейин майда малды жана 40 башка чейин ири мүйүздүү малды түзөт. Завод Евразия экономикалык биримдигинин бардык стандарттарына дал келет. Өндүрүлгөн продукция чет жакка, негизги бөлүгү Өзбекстан Республикасына экспорттолот.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев цехтин иши менен таанышкан соң, аймакты өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн бул өңдүү союлган малды алгачкы кайра иштетүүгө адистешкен объекттерди Жалал-Абад облусунда куруунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: