Menu

Кадырбек Атамбаев: биздин мүлккө байланыштуу маалымат – фейк

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев Башкы прокуратуранын анын атасына жана жакындарына тиешелүү камакка алынган 120 мүлк боюнча маалыматын «элди адаштыруу жана фейк» деп баалады.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «Алмазбек Шаршеновичке жана анын үй-бүлөсүнө таандык делген 120 мүлк боюнча кайрылуу жасап коёюн. Биздин үй-бүлөбүзгө жазылган мүлк бизге тиешелүү эмес. Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган фейк маалыматтарды бийликтин кара пиары деп эсептейбиз» деп жазды.

Ал прокуратура көрсөткөн 120 мүлктүн 101и Алмазбек Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө да таандык эмес экенин, ал эми «Кыргызавтомаш» 2007-жылдан бери аларга тиешелүү эмес экенин билдирди. Ошондой эле Башкы прокуратура алардын атына 1996-жылы эле сатылып кеткен үйлөрдү да жазып койгонун кошумчалаган. Мындан тышкары алардын бир гана банкта 2002-жылы ачылган эсеби бар экенин, «Апрель» телеканалынын эч кандай банк уячасы жок экенин жазды.

Башкы прокуратура 16-августта Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган 120 мүлкү деген тизмени жарыялаган. Анда Атамбаевге жана анын аялына, «Кыргызавтомашка», «Апрель-ТВ» жабык акционердик коомдоруна тийиштүү деген банк уячалары камакка коюлганы көрсөтүлгөн. .

Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматка караганда, беш автоунаа, төрт жер тилкеси (алардын экөө Кой-Ташта, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда), Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоо борбору, турак үй, Арашандагы жайыт, Кой-Таш жана Арашанда көп жылдык дарактар отургузулган үч жер тилкеси мурдагы президентке караштуу экени аныкталды. Ушунун бардыгына жана Раиса Атамбаевага караштуу үч машине, батир жана Бишкектеги жеке менчик үй камакка коюлду.

Камакка алынгандардын арасында «Кыргызавтомаштын» мүлкү, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үй, ушул эле райондогу 18 батир, Ибраимов көчөсүндөгү үч батир, Матросов көчөсүндөгү киши жашабаган 39 имарат, ушул эле көчөдөгү жер тилкелери, соода үйү, дүкөн, кеңсе, темир жолу жана Матросов көчөсүндөгү резервуар, 18 цех, 9 кампа бар.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта тарапташтары менен жолугушууга чыккан учурда банктык эсептери жана уячасы жок экенин билдирген.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо жөнүндө чечим кабыл алган. Шаардык сот 16-августта райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн шек саналып жатканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: