Menu

Ашхабаддын дүкөндөрүндө мектеп формасы карызга берилүүдө

Бөлүшүү:

Ашхабад шаарындагы дүкөндөр кардарларга мектеп формасын жана окуу куралдарын бөлүп төлөө шарты менен алууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады.

Басылма белгилегендей, мектепке керектүү товарлар карызга бериле тургандыгы жөнүндөгү жарыялар көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштерине илинүүдө. Дүкөндөр калктын төлөө мүмкүндүгү төмөндөп, кардарлары азайгандыктан улам ушундай кадамдарга барууда.

Маалыматка караганда, кардар товарды бөлүп төлөө шарты менен алуу үчүн учурда иштеп жатканын жана кирешеси бар экенин ырастаган документтерди көрсөтүшү керек болот. «Бул документтерди көрсөткөндөн кийин алар тандаган товарын күрөөсүз эле алып кете алат. Жалгыз чектөө — алган товардын баасы анын бир айлык кирешесинен ашык болбошу керек», — деп жазды басылма.

Түркмөнстанда былтыр бир баланын мектеп формасы менен окуу куралдарынын эң төмөнкү баасы 600 манатты түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: