Menu

Валентина Шевченко UFС рейтингинде Конор Макгрегорду артта калтырды

Бөлүшүү:

Кыргызстандык UFС чемпиону Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка көтөрүлдү. Тизме узаган жумада өткөн Уругвайдагы UFC Fight Night 156 турниринен кийин жаңыланган.

Аталган мелдеште Шевченко америкалык Лиз Кармушту калыстардын чечими менен утуп, чемпиондук наамын экинчи ирет коргоп калган. Натыйжада мыкты мушкердердин тизмесинде 12-орунга көтөрүлүп, айтылуу мушкер Конор Макгрегорду бир тепкичке артта калтырган.

Кыргызстандык спортчу UFС уюмунун мыкты 15 мушкеринин катарына ушул жылдын март айында кирген. Алгач 15-орунга, андан соң 13-орунда болуп келген.

Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле учурдагы чемпион Даниэл Кормье турат. Экинчи орунда дагы бир америкалык спортчу Жон Жонс, учунчу сапта россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов бар. Ал эми Шевченконун мурдагы атаандашы Аманда Нуньес бешинчи орундан алтынчыга түшүп калган.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: