Menu

“Айып жок” деген айыппул азайтылды

Бөлүшүү:

Эми эчкиңе карап ышкырып, жылкыңа карап бышкырганың деле туура да. Өлкөнүн экономикалык абалы бул болсо, элдин эзилген жашоосу тигил болсо, миң доллар айлык менен жашап аткансып, айып пулдарды олчойто бергенибиз деле туура эмес болгонун коомчулуктун көпчүлүгү жактырбай, ал турсун “айып пулуңарды төлөбөйм” дегенге чейин барышпадыбы. Коомдук катуу сындан кийин чоочуп кеткен ЖК бул мыйзамды кайрадан өзгөртүү керек экенин айтып, ушул күздө карап чыгышаарын айтышкан. Кызыгы, бул мыйзамды окуп чыкпаган депутаттардын шалаакылыгы бир топ элди айыппул аркылуу кыйнап жиберди көрүнөт, өкмөт алардын эс алуу өргүүсүнөн келгиче эле ИИМдин берген сунушунун негизинде айып пулдардын көлөмүн азайтууну кубаттап чыкканын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Разаков айдоочулардан көптөгөн арыздар түшүп жатканын, эреже бузуунун сегиз түрү боюнча айыппулду азайтуу жөнүндө чечим колдоо тапканын айтты. 3000 сомдук айыппулду эми 1000 сом кылуу сунушталууда.

Кыргызстандын өкмөтү жолдо жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун өлчөмүн азайтуу боюнча ИИМдин демилгесин колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын ^ріка-гында кабьи алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер ар^-лык жумуш топтун жыйынында билдирди. Аларга келип түшкөн сунуштардын негизинде эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болушканын билдиришти. Жол кыймылын төмөнкү категориялары боюнча айыппулдун өлчөмүн азайтуу сунушталууда, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы, жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп өтүү же каршы тилкеге чыгып кетүү эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо), унааны токтотуу жана уруксат берилбеген жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу, коопсуздук аралыгын жана жолдо жүргөн автоунаалар катары боюнча жол эрежелерин бузуу, светофордон уруксат берилбеген учурда стоп сызыгынын алдына токтоо, көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү, кууп өтүү боюнча эрежени бузуу, сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: