2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду 4,4 млрд сомго долбоорлорду каржылады, анын ичинен 2,7 млрд сом аймактарга каржыланды. 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2 эсе көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта, Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.
Ал баса белгилегендей, каржылоонун көп бөлүгү аймактарга багытталууда, аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Талас, Нарын жана Баткен облустарында стартап-каржылоо боюнча өзүнчө программалар пилоттук тартипте ишке киргизилди.
«Мындан тышкары, аймактардын баарында жаңы баштаган ишкерлер үчүн старт-ап долбоорлорду каржылоо программасы башталды. Бул программа өзүнө окутууну дагы камтыйт, окутуу иш-чаралары облустарда бүгүнтөн башталды. Жалпысынан программа 2019-жылдын август-сентябрында ишке ашырылат», — деп айтты Эркин Асрандиев.
Мындан тышкары, Эркин Асрандиев каржылоо шарттарын жеңилдетүүнүн максатында кичи жана орто бизнестин субъектилерине пилоттук тартипте стартап-каржылоо боюнча программаларды киргизүү жана приоритеттүү багыттар боюнча сом менен берилүүчү насыялардын пайыздык чендерин 9 пайызга чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынганын баса белгиледи. Анын айтымында, бул чара жалпысынан өлкөнүн ишкерлери үчүн насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртышы керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ