Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча дүйнөлүк борбордун журналист-иликтөөчүлөрү (OCCRP) Дубайдагы эң кымбат кыймылсыз мүлктөрдүн ээлеринин ичинен 12 кыргызстандыкты да табышкан. Алардын ичинде 2012-жылдан тартып “дүйнөнүн эң ири наркобарондоруна” кирген кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев да бар. Бул тууралу бүгүн Клооп сайты жазып чыкты.
OCCRP бул 2014-2016-жылдарга таандык Дубайдагы кыймылсыз мүлк ээлери боюнча маалымат базасын АКШнын өкмөттүк эмес С4ADS аттуу уюмунан алган.
Дубайда үй сатып алгандардан акчаны кайдан таптың деп эч качан сурашпайт жана көбүнчө накталай акча менен иштешет. Ошондой эле Дубай мындай маалыматтарды жашыруун кармайт. Андыктан Дубай криминалдык элементтерди жана ким өз акчасын “жашыргысы” келгендерди өзүнө тартат.
Дубайда мартабалуу райондордон кыймылсыз мүлк сатып алган 12 кыргыз жараны бар, алардын сегизи өтө ашкере кымбат райондордон сатып алышкан: экөөсү Downtown Dubai районунан, экөөсү Palm Jumeirah аймагынан жана төртөөсү Dubai Marina районунан.
Алардын ичинен 3 үй Байыш Сурабалдиевге таандык, бирөөсү Jlt jumeirah lake towers аймагында, экөөсү Palm Jumeirah жасалма аралында жайгашкан.
Байыш Сурабалдиев КР Адилет министрлигини маалыматы боюнча «Охранное агентство “Гарант Ультра” ЖЧКсынын ээси.
Маалымат (КТ): КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева 2015-жылы 14-августта “Супер-инфо” гезитине берген интервьюсунда Байыш Сурабалдиев аттуу иниси бар экенин маалымдаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ