Түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин ошол кездеги адвокаты Али Касымов тергөө менен кызматташууга макул болду.
Шектүү Касымов 16-август күнү кызматташуу жөнүндө процесстик келишимге келүү тууралуу кат менен кайрылган. Учурда анын бөгөт чарасын өзгөртүү маселеси каралып жатат.
ИИМ тараткан маалыматга Али Касымов Батукаевди бошотуу ишинде орчомчу катары кызмат кылганы белгиленет. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу максатында Али Касымов кызыкчылыгы бар тараптан акча каражатын алып, кызмат адамдарына берип, ортомчу катары жургөндүгү аныкталган. 80 жаштагы Али Касымов 31-июлда Жазык кодексинин “Коррупция» жана «Кылмышка аралашуу” беренеси боюнча шектүү катары кармалган. Бишкек шаардык соту аны 26-августка чейин №1 тергөө абагына камакка алган. Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган 20га чукул мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге, аткаминерлерге, дарыгерлерге айып коюлду.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ