Menu

Асейин Саралаев: Бүгүн байкуш боло калышкан Раиса жана Алмаз Атамбаевдер Бакиевдерге казган орго өздөрү түштү

Бөлүшүү:

Акбаранын көз жашы…

Айтматовдун “Кыяматы” эсиме түштү… Акбара сындуу төгүлгөн көз жаш… Унчукпай эле коёюн дегем… Бирок Раиса апчебиздин УКМКнын имаратындагы армандуу кайрылуусун улуттук трагедия катары баалашып “Кокондукча куугунттук, жазалоо, өч алуу” деп улам-улам сайрап атышкандарга Атамбаевдин өз башына муш болгон бир эле КЫЯМАТЫН эстетким келди. Кыяматты булар өз колдору менен жасашып кайра күнөөсүз Акбара менен Ташчайнарга айланып калышканын билишкен жокпу? Раиса апчебиз кайрылуусунда: “Азыркы бийлик кылганды бир дагы Президент кылган эмес, мурдагы Президенттерге жага жакындарына куугунттук кылган эмес, Сейитбек Атамбаевди өлөрчө тепкилешти, туугандарды куугунттуктап жатышат” деп жанын жеп ыйламсырап жатат. Мен ошол жерде болсом Раисага: “Сиздин күйөөңүз 2010-жылдары бийликти алган күндөн баштап тогуз жыл бою мурдагы Президент Курманбек Бакиевдин жакындарына эмне деген гана куугунттук, басынтуу, кордуктарды тынымсыз көрсөтүп келгенин билет белеңиз? “,- деп сурайт болчумун…
Эсимде… 2010-жылы кандуу Ош окуясы болуп өткөн күндөрү биз Бишкектен түзүлгөн ” Тынчтык кербени ” мобилдик группасы менен Ош, Жалал-Абад облустарына барган элек. Ошол кезде биз түшкөн унаанын айдоочусунун фамилиясы “Бакиев” болчу. Биз тамашалап: “Оо, Президенттин иниси болосуңбу?”,- деп сурасак, ал жигит капа болуп ошол кезде болуп жаткан окуяларды айтып берген эле. Көрсө аны баш кылып жакындарын кошо МАИ кызматкерлери токтотсо же милиционерлер текшерсе дагы фамилиясы үчүн кечке суракка алып, шылдың кылып чүнчүтүп бүтүрүшкөн экен. Бул жөнөкөй эле фамилиясы окшош жаранга көрсөтүлгөн мамиле болчу? Ал эми Бакиевдерге эмне деген гана кордуктар болгонун Раиса айым билбейт беле? Бүгүн Раиса айым ыйлап жаткан куугунттук эч нерсе эмес! 2010- жылдан баштап ” Атамбаевдик куугунттуктоо” машинеси катуу жүрүп: Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарына, айылдаштарына, тарапташтарына гана эмес туугандын тууганына, достордун досторуна, кудасынын кудаларына, таанышынын тааныштарына, жөнөкөй эле кызматчыларынын тааныш-билиштерине чейин жеткен экен. Ал гана эмес ошол кезде иштеген айыл өкмөтү, аким, губернатор, министр сыяктуу айрым чиновниктерге чейин куугунттук каргысы тагылыптыр. Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө өздүк жасоолдорун бир жиберип, артынан “караларын” кайра жиберип адам укугун ченемсиз бузушканын Раиса айым кантип билбейт? “Сейитбекти сабашты” деп боздоп отурган Раиса айым, Бакиевдин жакындары андан жаман сабалганын кантип билбейт? “Бакиев элди атты! Бакиев-канкор! “деген ураанды жамынып алышып кыргыздын салтында болбогон жоруктарды жасашып Бакиевдердин мал-мүлкүн, бизнестерин көз көрүнө талап-тоношуп, тартып алганы биякта калсын ата конушун жана Бишкектеги үйүнөн бери өрткө орошту эле го? Жада калса чек арадагы чычкак сержанттардан бери “кугунттуктоо” акциясына катуу киришип Бакиевдин туугандарын чек арадан өткөрүшпөй мазакташканын да ММКлар жазып чыгышкан. Эң жаманы Бакиевдин туугандары, жек жааты кордолуп, куугунттук жеп жатышканда Атамбаевдин өзү баш болуп күлүп турушкан… Бакиевдин жакындарынын үнүн уккан адам болгон эмес… Кимге арызданып, кимден жардам күтүүгө болот эле? Кандай гана коркунучтуу!!! Ошол кездеги Бакиевдердин туугандары Раиса айымдай болуп боздоп чыкпаган сабырдуулугуна азыр таң калып отурам. Атамбаев тогуз жыл бою былжырап ар бир сөзүндө “Бакиевдер” жөнүндө кепти сөзсүз кошуп жалган жалаалар менен жамандап келгенин койнунда жаткан Раиса айым кантип билбейт? Ошончолук гумандуу болсо эмне үчүн күйөөсүн тыйып койгон жок?
Арадан тогуз жыл өттү… Атамбаев өз колу менен жасаган Кыяматынын үзүрүн өзү көрдү. Ач көздүгүнүн, бийликти сүйгөн оорусунун запкысы башына жетти. Тогуз жыл бою Бакиевдерди каралаганы бир күндө өзүнө муш болуп тийди. Кудай бар да!!! Алла Тааланын акыйкат таразасынан кутула алмак эмес…
Президентибиз Сооронбай Жээнбеков абдан айкөл адам экен. Ал күндө Атамбаевди тогуз маал жамандаса жарашат эле. Көз көрүнөө ок чыгарып, адам өлтүрүүгө катышып, адамдарды туткунга алып, баш аламандык чыгарып, куралдуу төңкөрүш уюштурууга камынганын улам-улам айтса болмок! Бирок ал Атамбаевдин деңгээлине түшкөн жок. Өлкөдө акырындык менен болсо да коррупция менен күрөшүү башталып Атамбаев баш болуп камалды…
Раиса айым Акбарага айланып боздогондун ордуна тагдырына Сооронбай Жээнбековдой Президент туш келгенин кубана берсин. Эгер дагы бир Атамбаевдей бирөө болгондо аларды өтө коркунучтуу тагдыр күтүп алмак… Азыркы куугунттук деп баалап атышкандары жөн гана бактын жалбырагы сыяктуу… Дагы да көрүшү керек болчу бактын өзөгүн, тамырларынан бери…
“Келме кезек, терме тезек” деп койчу беле? Эми боздогондон пайда чыкпайт.. Табаа эмес тобоо… Ар ким өз колу менен кылганды мойну менен тартат… Бир жылбы, он жылбы, жүз жылбы акыйкат баары бир жеңет… Бирөөгө оор казсаң өзүң түшүп, бирөөгө кастык кылсаң өзүңө кастар көбөйүп, жамандык кылсаң азабын өзүн көрөсүң… Дагы бир курал-жаракка байланыштуу окуядан улам Атамбаев 2010-жылдагы кан төгүүлөргө өзүнүн да тиешеси бар деген аңыздардын да чындыгы барбы деп калдым.” Эмне дейин мен үчүн да бүгүнтөн баштап Атамбаев ыры бүттү. Тиешелүү органдар, соттор баарына адилеттүү чекитин коет деп ишенем. А биз болсо саясаттан экономикага өтүп
Путин акабыз айткандай баарыбыз өлкө башчыбызга жардам беришибиз керек!!!

Асейин Саралаев, Кочкордон Казакстанган кеткен эмгек мигранты

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: