Атамбаев кол тийбестиктен ажыратылгандан кийин Кой-Ташка элден безген ууру-кескилерди чогултуп жатканын эшиткенбиз. Анан эле митингдерде кайдагы бир сайда саны жок немелер чыгып, оңду-солду ашатып жатканын көрдүк. Алардын катарында Фархат Баабиев деген эргул чыгып Жумгал элинин атынан сүйлөгөндө териштирүү жүргүзүп, ал тарапта андай адам жок экенин Барчын Орозобековдун сөзү менен чыгарганбыз. Көрсө, ал эргул элди кастыкка үндөп, аймак аралык уруш чытарганга аракеттенип жүрүптүр, ал телефондук сүйлөшүүсү менен тастыкталып, камакка алынды. УКМКнын басма сөз кызматы «Баабиевдин сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутууга, зомбулукка ачык чакырык камтылган. Өлкөдө башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталды» деген билдирүү таратты. Демек, Баабиевдин иши оорлошуп кетти го…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ