Menu

Генералдардын тиреши эмнеге алып келет?

Бөлүшүү:

Жылдызкан Жолдошева, коомдук ишмер:

– Кимдердин ортосунда “тирешүү” болбосун, албетте жакшылыкка алып келбейт. Тилекке каршы, биздин өлкөдө эң жогорку кызматты ээлегендердин ортосундагы тирешүүлөр 2000-жылдан башталган, азыркы учурда өтө өөрчүп кетүү менен, бири-биринен “өч алуу айлампасына” алып келди. Ал эми өч алуу айлампасы саясый элитаны жоготууга эле эмес, мамлекеттин өнүп, өсүшүнө аёосуз соку урат. Саясый элита, карапайым элге “үлгү”, “өрнөк”, ар бир сүйлөгөн сөзү, жасаган иши менен тең тарбия таалим бере турган инсандар… Бирок, алар өтө майдаланып, жеке амбициясынын курмандыгы болуу менен чектелбестен, кекчилдиктин, көралбастыктын курмандыгына айланышты. Күч органдарынын тирешүүлөрү, өтө кооптуу, анткени алардын курал-жарактары бар. Курсан Асанов боюнча айта кетсем, өтө кичи пейил, кимге болбосун жардамын аябаган, эр жүрөк инсан. Ош окуясында, кадимки согуш болду, кара футболкасын кийип, бронежилетсиз, ок аралап жүргөн чыныгы милиционер, эки элдин арасында данакер болуп, канча кан төгүүнүн алдын ала бөгөт койгон, мына ушул Курсан Асанов. Кыргызстанда өтө оор мезгил эле 2010-жылы, Мелис Мырзакматов, Сооронбай Жээнбековторго ошол мезгилде чоң тирөөч болгон дагы Курсан Асанов. Элин да, жогорудагы эки чиновникти дагы сатпаган мына ушул генерал Курсан Асанов, буга бүт эл күбө. Курсан Асановко кандай жалаа жабылбасын, эл ишенбейт, мен да ишенбейм. А. Атамбаев менен сүйлөшүү жолу менен, К.Асанов ошол курч кырдаалды бүтүрбөгөндө, азыр республикада кандай кырдаал түзүлөт эле, аны бир кудай билет. Өлкөбүздө оор мезгилде эли үчүн жанын аябай кызмат кылган эр жүрөк үч генералды билем, алар: Ф.Кулов, Ө.Суваналиев жана К.Асанов.

Ашырбек Бакаев, генерал:

-Менимче алар тирешкен жок. Бирөө мамлекет кызыкчылыгын көздөсө, экинчиси өз кызыкчылыгына жетеленип, милдетине байланышпаган иштерге барган сыяктуу. Албетте, бул менин өз маалымат булактарыма ишенип айткан пикирим. Ал эми «интрига» деп анын тарапташтары, кээ бир журналисттер элге жарыялашып бирин актоого аракет кылып жаткансыйт, бирок сабырдуулук менен көбүртүп-жабыртпай, тергөө менен сот жыйынтыктарын күтсөк туура болот го.

Шамшыбек Медетбеков, коомдук ишмер, коопсуздук кызматынын полковниги:

– Негизи генералдардын тиреши жакшылыкка алып келбейт. Күч органдары граждандык мекеме эмес. Кайсы убакта кайсы күч органы кандай иш-аракет жүргүзүшү керек экени күч органдары тууралуу нормативдик актыларда жазылган. Кылмыш элементтерин кармоодо кайсы орган башкарыш керек экени ал жерде так, ачык жазылган. Ошондуктан, күч органдарынын ортосунда атаандаштык деген болбошу керек. Күч органдарын ортосундагы бөлүнүү, генералдардын ортосундагы бөлүнүү – ошол системада иштеген кызматкерлердин бөлүнүшүнө алып келет.

Кайрат Осмоналиев, юрист:

– Укук коргоо органдарында тартип болууга тийиш. Башчыдан аттап өтүп өз билгениң кылган тура эмес деп ойлойм, анткени андай кадам кооптуу, операцияны жокко чыгарууга да мүмкүн. А мындай жагдайларда камерага тарттырып пиар кылуу андан да эки эсе туура эмес. Министр учурда эмне кылышы керек эле, ал изилдөөнү тапшырды. Эгерде кызматтык изилдөөнүн жыйынтыгында коюлган айыптар аныкталса, анда күнөөлөөчү өкүм чыгышы да мүмкүн. Укук коргоо органдары интригалардан алыс болуп үлгү болушу керек. Эгерде Кашкар Жунушалиевдин ордунда Курсан Асанов болгондо ал деле эмне себептер менен ал өз билемдик кылгандыгын изилдөөнү тапшырмак.

Туратбек Мадылбеков, экс-депутат:

-Премьер-министрдин буйругунун негизинде Асановду кызматтан алган жүйөлөрү мени таң калтырып жатат. Демек, ага негиздер болсо керек, биз, сиз билбеген көп жагдайлар болушу мүмкүн. Болбосо “башка ишке өткөнүнө байланыштуу” деп эле алып коюшат эле да. Курсан Асановдон мындайды күркөн эмесмин. Негизинен ал илгертен Атамбаев менен өтө жакшы мамиледе экенин билчүмүн. Ошон үчүн министрдин орун басары болуп 8 жылдан ашуун иштеди да. Кызматта атаандашуу болот, бирок мындай чыкпашы керек эле. Минисгр сүйлөшүп жатса Асановдун бара калганы этикага да жатпайт, аскердик тартип деген да бар. Эгер бул жерде интрига болсо, анда ал өздүк курамга да таасирин тийгизет. Интрига бар жерде өсүп-өнүгүү болбойт.

Ширин Аргынтай

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: