Өткөн сутка ичинде куткаруучулар “Шахта-Жыргалан” шактасындагы газ топтолгон жерге эки жолу парустук тосмо орнотуп беришкен, деп билдирди КР ӨКМнин басма сөз кызматы.
Ысык –Көл облусунун Ак-Суу районунда 2017-жылдын 23-октябры күнү саат 08:45де КР ӨКМнин №7 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары Жыргалаң айылындагы “Шахта-Жыргалаң” ААКсынын шахтасына барышып, газ топтолгон жерге парустук тосмону орнотуп беришкен.
Ошондой эле, саат 22:05де куткаруучулар “Шахта-Жыргалаң” ААК шахтасына кайрадан барышып, газ топтолгон жерге парустук тосмону орнотуп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ