Кыргызстанда ипотекалык үстөк 7-9 пайызды түзүп келген. Бирок, май айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күзгө чейин үстөк пайыз азаярын убадалаган. 1-ноябрдан тарта мамлекеттик ипотеканын үстөгүн 6 пайызга чейин төмөндөтүү пландалууда.
Ушул тапта комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүп жатканын жана 1-ноябрдан тарта үстөктү төмөндөтүү пландары иштелип жатканын тийиштүү мекеменин адистери айтышууда.
Эскерте кетсек, бул ипотека бюджеттик мекемеде иштегендерге гана берилет. Максималдуу сумма 3 миллион сомду түзөт, карыздан 15 жылда кутулуу кажет.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ